Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Кара-Дарыя айылында, кечээ, 20-июлда жүргөн сел агызып кеткен 6 жашар кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Анда айтылгандай, наристенин сөөгүн издөө иштеринин натыйжасында туугандары тапкан. Учурда селдин кесепеттерин жоюу иш-чаралары уланууда.
Эске салсак, кечээ аталган райондогу Кара-Дарыя, Достук, Чаңгыр-Таш айылдарында сел жүргөн. Катуу агымдагы суу бир топ турак-жайлардын короосун каптаган жана Сузак-Кара-Дарыя унаа жолун жайпаган.