"Антарес Трейд" компаниясы тарабынан алданган кыргызстандыктар (пресса аркылуу) коңгуроо кагып тынчсызданышты. Алардын сигналы боюнча, Бишкек шаардык сотунун коллегиясы мурда камакка алынган Россиянын жарандарын бошотууну көздөп жатышат.
Мурда Россия жарандары (С.В.Танбаев, Ч.М.Хойков жана Д.Ц. Мункожаргалов), Бишкекте туруктуу "ANTARES TRADE" каржылык пирамидасын түзүп, биздин көптөгөн жарандардан ири өлчөмдөгү каражаттарын алдамчылык жолу менен алганга жетишкен экен.
Бирок, кийин Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тарабынан (ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында) кармалып жана КР Жазык-процесс кодексинин 98-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын Ленин райондук соту тарабынан (шектүү адамдар катары) 2 айлык мөөнөткө камалган.
Жакынкы арада, “пирамидчиктердин” тагдырын Бишкек шаардык соту карайт. Бирок, узун кулактардын айтымында, Бишкек шаардык соту буларды бошотуп жиберини көздөп жатат деген сигнал соцтармактарда тарады, анткени ортодо өтө чоң көлөмду акча бар экен...