Экс-депутат Өмүрбек Абдырахманов коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүнүн зарылчылдыгын белгиледи:
Кыргыздын баары вирусолог болуп кетти... Ковид вирусуна адамда иммунитет жок. Ошон үчүн адамзат кыйналып жатат. Дүйнөнүн эң мыкты илимпоздору вакцинанын үстүндө иштеп, бир жылдын ичинде вакцина ойлоп табышты.
Дүйнөдө ондогон вирус ооруларына окумуштуулар вакцина ойлоп табышкан. Анын негизинде көп оорулар таптакыр жок болуп кеткен. Мисалы, чечек вирусу. Бул вирус дүйнөдө ондогон миллион адамдарды кырган. Вакцина ойлоп табылып, адамдардын баарына төрөлгөндө эле вакцина берилип, бул оорудан адамзат кутулган.
Баарыбыздын колубузда ийинге жакын эки так бар, ошол вакцина чийгенден кийин калган так. 1977-жылдан бери чечек менен ооруган адам дүйнөдө катталган эмес…
«Илимге ишенсең ишин оңолот, башкага ишенсең жолуң торолот»…