«Өлкөдөгү эпидемиологиялык оор кырдаалга байланыштуу, бардык жарандарга атап айтканда, дары-дармектерди үзгүлтүксүз кабыл алган калктын жеңилдетилген категорияларына Мамлекеттик кепилдиктер программасы жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасы боюнча кагаз рецепттери күчүндө болгон Чүй, Нарын жана Баткен облустарынын жашоочуларынан сырткары үй-бүлөлүк дарыгериңизге кайрылып, электрондук рецепт жаздырып алуу мүмкүнчүлүгү бар экендигин эскертким келет», - деп белгиледи К.Өскөмбаева.
Мамлекеттик кепилдиктер программасы жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасы боюнча дары-дармектердин маалымдамасы ММК фонду менен иштеген бардык үй-бүлөлүк дарыгерлерде жана дарыканаларда бар. Ошондой эле, маалымдама менен ММК фондунун foms.kg сайтынан таанышсаңыз болот.
Жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунадагы үй-бүлөлүк дарыгерге катталуу жана милдеттүү медициналык камсыздандыруунун болушу маанилүү шарт болуп саналат.
Амбулатордук жана ооруканалар деңгээлиндегиде мамлекеттик кепилдиктер Программанын алкагында жеңилдетилген рецепттерди же медициналык кызматтарды алууга байланыштуу бардык суроолор боюнча ММК фондунун 113 байланыш номерине иш күндөрү саат 9.00дөн 18.00гө чейин кайрылыңыздар.