Буга чейин Кыргызстандын премьер-министринин милдетин аткаруучу, учурда Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиковдлун атасы Эдуард Новиков дүйнө салды.

Белгилей кетсек, Артем Новиков ЖМКларга берген интервьюсунда атасы кемеде капитан болуп иштеп көптөгөн өлкөлөрдү көрүп келгенин, кийин уулдуу болгондо жумушун таштап башка ишке орношконун айтып берген жайы бар.

Kaktus.kg'нин жамааты Артем Эдуардовичке терең кайгыруу менен көңүл айтат. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

 
URL: https://kaktus.kg/2614