Экс-мэр Азиз Суракматов кылмыш ишинин алкагында тергөө менен келишим түзгөнүн УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Анда айтылгандай, Азиз Суракматовдун баш коргоо чарасын сот карап сыртка чыкпоо тил каты менен бошотуу чечими кабыл алынды. Эске салсак, буга чейин Биринчи май райондук соту экс-мэрди камакка алуу чечимин чыгарган.
"Тергөөдөгү сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик мыйзамына ылайык, А.Суракматов менен тергөө менен кызматташуу жөнүндө процесстик келишим түзүлүп, ага ылайык, А. Суракматов Бишкек шаарындагы башка жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүштүрүү фактылары боюнча көрсөтмө берген, ошондой эле келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн 170 млн сомдун 150 миллионун кайтарып берген", - деп айтылат УКМКнын маалыматында.
Ошондой эле, чыгымдын калганын график боюнча төлөйт.