УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен Улуттук коопсуздук кызматкерлери үчүн Жалал-Абад шаарында 205 батирлүү көп кабаттуу үйдүн курулуп жатканы үчүн терс пикирлерди айткандар болууда. Ал жай түптөлгөн жер мурда экстремист-сепаратист Кадыржан Батыровго тиешелүү болгон экен. Эки элдин ортосуна от жагып, көптөгөн адамдардын өмүрлөрүнүн кыйылуусуна, элди, мамлекетти ири чыгымдарга учуратууга себепкер болгон адамдын менчик жерине УКМКнын кызматкерлери үчүн батирлердин курулуусу адилеттик деп ойлойбуз. Ал потенциалдуу эл бузарларга түбөлүк эскертүү болуп калат.
Жаңы түптөлгөн жайдагы 10 батир социалдык абалдары оорлорго берилет экен. Чек араларга жакын жайгашкан, диний, этникалык экстремисттик коркунучтары бар, анын үстүнө облустун борборунда жаңы имараттар курулуп, социалдык инфра түзүмдөрү өнүккөнү жакшы. Анда эмне үчүн айрымдар ага нааразы болушууда?
Көп кабаттуу имарат демөөрчүлөрдүн эсебинен курулуп жатыптыр. Анын эмнеси жаман? Ашар жолу менен социалдык имараттарды куруп бүткөрүү мурдагы советтик мезгилден бери эле бар. Алсак, Лейлек районундагы социалдык түйүндөрдүн көпчүлүгү Сапарбаев деген райкомдун 1-катчысы болуп турганда ашар жолу менен курулуп бүткөрүлүп, ал жаңы ыкма катары бүткүл Кыргызстанга таркатылган. Алардын ичинде укук коргоо кызматкерлери үчүн курулгандары да болгон. Алсак, Аксы районундагы раймилициянын эки кабаттуу имараты өткөн кылымдын 80-жылдарында ашар ыкмасы менен курулган. Ал жайлар азырга чейин пайдаланылууда. Демөөрчүлүктү, ашар ыкмасы менен социалдык имараттарды кургандарды колдоо гана керек. Ар кандай имиштерге, ой жорууларга шылтоо болбосу үчүн аларды мыйзамдаштырып гана коюу керек.
Ыраматылык Мелис Эшимканов ”Асаба”, “Агым” гезиттерине башкы редактор болуп турганда 7 кызматкерине батир сатып берген. Өз кызматкерлерин ошончо батирлүү кылган министрлик, же ведомство барбы? Жок. Ал эми айрым министрликтерде, ведомстволордо ондогон миллиарддаган сомдор жүгүртүлөт. Эгерде аракет кылышса алардын деле жыл сайын 50-60 батирлүү имараттарды куруп бүтөрүп турганга чамалары жетмек. Биздин бул жерде айтайын дегенибиз, “бүткөн иштин сынчысы көп” дегендей болуп, кылдан кыйкым издебестен жөнөкөй кызматкерлери үчүн батирлерди куруп жаткан Камчыбек Ташиевди колдоо гана керек. Азыр айрымдар эмнелерди айтышпасын, бүткөн нерсе элге калат, кызматкерлер келет-кетет, ар жактарга которулат, ал эми батирлер кийинкилер үчүн кызмат кыла берет. Бир гана каалообуз, жаңы курулган жайдын батирлеринин 25-30 пайызы социалдык колдоого муктаждарга берилсе, андан сонун болмок.