Кыргызстан муфтийи Замир Ракиев жана бир катар  дин аалымдары коронавирус илдетине каршы вакцина алышты. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн Кыргызстан мусулмандарынын Муфтийи Замир Ракиев Бишкек шаарындагы эмдөө пункттарынын биринен коронавирус илдетине каршы эмдөөдөн өткөн. Аны менен кошо  Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү, Кыргызстан Ислам университетинин проректору жана мугалимдери, Бишкек шаардык казыятынын имамдары да вакцина алышкан.