Тагдыр сага лимон берсе, сен андан лимонад жасаганды үйрөн. Эриң таштап кетсе, артынан ээрчибе. Сүйбөгөнгө сүйкөнүп жашоодон өткөн бактысыздык жок. Жалгыз калдым дебе, Жараткан жалгыздын жары. Турмуш желкелейм десе, багынба, кайра аны желкелеп, мойнуна мин. Эч качан өткөндөрдү эстеп, күнөөлүүлөрдү издей бербе. Андан майнап чыкпайт. анткени, кечээки күн кайтарылбайт. Болбоско энергиянды коротуп, өч алганча, балдарыңа жумша ошол энергияны, жан дүйнөңдү тазала, кегиңди кечиримдүүлүк менен ал. Балким, жоготуунун артында чоң жакшылык күтүп турат. Баткан күнүн артында аткан тан бар, Кудайдын буйругусуз кумурсканын буту сынбайт. Бешенеге жазылган чийин ошол болсо, андан кайда качып кутуласың. Турмушта ар кандай жолдорго кабылабыз, кээде ак, кээде кара, кыйма-чийме, эң башкысы башты көтөрүп, алдыга гана баруу керек. Айдын он беши караңгы болсо, он беши жарык. Бирок, эч качан күнөөлүүнү издебегенге үйрөн. Эч кимге акыл үйрөткүм келбейт, турмуштан алган ачуу тажрыйбадан тапкан сабагым чыгар...

Гүлзада Турдалиева