Учурда жоюлуп кеткен Финполдун мурдагы башчысы Сыймык Жапыкеев соцтармактагы баракчасы аркылуу Садыр Жапаровго кайрылып, Ассоль Молдакматовага наам берүүсүн өтүндү:

"Достор бир поддержка кылгылачы.

Урматтуу Садыр Нуркожоевич, сиздин өлкөнү көтөрөм деген аракетиңизге биз ортоктошпуз. Сизден өтүнөт элек, суранат элек, бир чоң Мамлекеттик сыйлык ээсин таппай жүрөт...

Сизге рахмат, мага деле генерал- майор наамын ыйгардыңыз. Өтө оор мезгилге туш келдиңиз, 30 жыл талкаланган, тонолгон машинага миндиңиз, баарын түшүнүп турабыз. Ишиңизге ийгиликтер болсун.

Ушул пост Ассоль Молдокматова жөнүндө болмокчу. Ушул айымдын Кыргыз элине болгон эмгеги зор. 25 жылдан бери Ассоль элге пайдасын эле тийгизип келатат. Баткен болсо Баткенде, пандемияда биринчилерден волонтер, пайдасы зор, канча деген балдарды акча таап окутту, чокутту. Россияда В.Зайцев, Ф.Киркоров, А.Пугачеванын юбилейлери, тойлору биздин кыргыз кызыбыз Ассолсуз болбойт, Ассоль ошол жерде алып баруучу, Россия менимче, "заслуженный деятель культуры" деп наам ыйгарды. Р.Кадыровко, В.Путинге, Р.Эрдоганга пандемияда Ассоль кайрылуу жазаганда баарысы жооп беришти. (Сыймактанам). Көбү ойлоду Ассоль шайлоого даярданып жатат деп, бирок Ассоль саясаттан алыс. Азамат!!! Урматтуу достор, чынын айтсам Ассолдун баркын кыргыздар билбей койдук. Ассоль сизге мен жеке рахмат айтам, ыразычылык билдирем.

Ассоль менен мен жакшы доспуз, бирок бул пост журоктон чыкты. (Не заказной)

Урматтуу Кыргыз өлкөсүнүн, элинин башчысы Садыр Нуркожоевич, сизден  Ассоль Молдокматовага татыктуу Мамлекеттик наам берүүңүздү эл суранабыз. Сиз саясатчылар менен эмес эл менен эле болунуз, эл сизди көтөрүп кетет. Бир жолу көтөрүп кеткен. 

Мен элге ишенем, эл да мага ишенет".