Печать
Категория: Коом
Просмотров: 102

Кылымдык коррупциялык афераларды ишке ашыргандыгы, Кой-Таш республикасын жарыялап, куралчан мамлекеттик түзүлүшкө каршы чыккандыгы үчүн абакта отурган мурдагы президент А. Атамбаевдин жүргөн жери кылмыш окшобойбу. Буга чейин Кумтөр ишине байланыштуу да “кулагы” көрүнгөн болсо, эми президент болуп турганда чет өлкө жарандарына кыргыз жарандыгын мыйзам бергендиги боюнча кылмыш иши ачыкка чыгып, бул боюнча ага кылмыш иши козголду. Көрсө, А. Атамбаев 2016-жылы өзүнүн  Жарлыгын чыгарып, анын негизинде  Түркиянын 10 жаранына кыргыз паспорту берилген экен. Тергөө-иликтөө иштери паспорттордун берилүүсү мыйзамсыз болгонун аныктаган. Учурда бул иш боюнча тергөө иштери уланууда.