Печать
Категория: Коом
Просмотров: 149

Кыргызстандын калкы менен кошо пенсия курагындагы жарандардын саны да көбөйүүдө. Акыркы жарым жылда өлкөдөгү пенсионерлер 30 миң 757 адамга көбөйдү. Июнь айынын жыйынтыгы менен дагы 5 миң 907 пенсионер кошулду.

Мындан сырткары, Соцфонддон билдиришкендей, 959 пенсионерге маяналары, стажы, майыптыгы боюнча көрсөткөн документтеринин негизинде 959 пенсионердин пенсиялары кайрадан эсептелип берилди.