Бишкектин Биринчи май райондук соту диний иштер боюнча Мамлекеттик комиссиясынын мурдагы жетекчиси Акин Токталиевдин президент Садыр Жапаровго жана анын мурдагы басма сөз катчысы Галина Байтерекке карата берген доо арызын кароодон баш тартты.
Эмнеге баш тартканын соттун канцеляриясы арыз ээси Галина Байтеректин кайсы сөзү анын ар намысына доо кетиргенин так көрсөтө албаганына байланыштырып түшүндүрдү. Ошондой эле, арыз ээси мамлекеттик пошлинаны толук төлөгөн эмес.
Эске салсак, Акин Токталиев президент ал тууралуу такталбаган маалымат таратканын жана аны ушул убакка чейин жокко чыгарбай, коомчулукка реабилитация кылбаганын жарыялаган жана моралдык зыян катары 100 миллион сом өндүрүүнү көздөгөн.
Ранее Акин Токталиев заявил, что глава государства распространил в отношении него недостоверную и ложную информацию и до сих пор ее не опроверг и не реабилитировал истца в глазах общественности. Он требует за возмещение морального вреда 100 миллионов сомов.