Печать
Категория: Коом
Просмотров: 128

Бул ирет Бишкектин мурдагы мэри Азиз Суракматов өлкөгө келтирген зыяндын ордун толтурду. УКМК экс-мэрди “мыйзамсыз баюу” беренеси менен айыптап, камакка алган эле. Тергөө-иликтөө иштеринин жыйынтыгы менен анын мамлекетке 150 млн. сом зыян келтиргендиги аныкталган.  

Азиз Суракматов бүгүнкү күндө 125 млн. сомду мамлекеттин пайдасына төлөп берди. Калган 25 млн. сомун жакынкы убакытта төлөй тургандыгы белгилүү болду. Бул сумманы төлөп берсе, экс-мэр үй камагына чыгарылат.