Печать
Категория: Коом
Просмотров: 157

Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов Аксыдагы кырсыкка байланыштуу кайрылуу жолдоду:

- Урматтуу мекендештер! Аксы жергесинде адам өмүрлөрүн алган табигый кырсык тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Жай тургундардын күтүүсүз кырсыктан каза болушу жалпы кыргыз эли үчүн оор жоготуу.

Ага ылайык, селден улам каза болгондордун жакындарына жана жалпы кыргыз элине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана өзүмдүн атымдан терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм. Ал эми кырсыктан жабыркагандардын тез арада сакайып кетүүсүн тилейм.