БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” мыйзам долбоорунда депутаттыкка талапкерлерлигин койгондорго жаңы талаптар киргизилди. Бул тууралуу парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитеттин жыйынында белгилүү болду.
Шайлдабекова белгилегендей, ар бир талапкер БШКга өзүнүн жана жакын туугандарынын киреше-чыгашасы, каржылык же мүлк милдеттери жөнүндө маалымат берет. Эгер талапкер мамлекеттик же муниципалдык кызматкер болсо өткөн жылы берген декларациясынын көчүрмөсүн берет.
Эске салсак, учурда тармактык комитет шайлоо мыйзамдарын талкуулап жатат.