Печать
Категория: Шайлоо 2021
Просмотров: 270

Бишкек, "Саясат. kg". Айрым талапкерлер программасын айтуунун ордуна атаандашын жамандоодо. 

Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Эрик Ирискулбеков талапкерлердин дебаты саясий, экономикалык ж.б. орчундуу маселелерди камтыган программалардын, идеялардын жана позициянын күрөшү болушу керек дейт. Ал эми учурда телеканалдардан убакыт бөлүнгөн дебаттар маңызында андай болбой жатат. 

Айтымында, дебаттардан көрүнгөн талапкерлердин басымдуусу убакытты саясий жана экономикалык кризистен чыгуу, социалдык маселелерди чечүү жана мамлекетибизди өнүктүрүү боюнча шайлоо алдындагы программасын элге жеткирүү үчүн колдонгон жок. 

"Айрым учурларды эске албаганда, көбүнчө эле кара пиарга басым жасашты, конструктивдүү эмес сынга өтүштү, ал турмак кээде жеке сапаттарга асылышты.Жалган маалыматтарды айтышты. Албетте, анан мындай дебаттарды көрүүгө эч кимде каалоо болбойт", -деди Э.Ирискулбеков. 

Ал белгилегендей, 28-берененин 6-бөлүгүндө: "Талапкер эфир убактысын, басылмаларды, аянтты башка талапкерлерге каршы үгүт үчүн пайдаланбашы керек" деп жазылган. 

"Башкача айтканда, 6-бөлүк талапкерлер чыкпай турган чийинди аныктаган - мазактоого, жалган маалыматтарды таратууга жол берилбейт. Бул этика жана моралдын нормалары мыйзам нормасында жазылган. Бирок биз биздин талапкерлердин этикалык жана моралдык нормалары канчалык бийик экенин дебаттарда күбө болдук", - деп белгиледи ал.  

 Ошондой эле, мамлекеттин эсебинен каржыланган эфирдик убакытты көпчүлүк талапкерлер атаандашын жаманатты кылып, кадыр-баркын кетирүүгө жумшаганына токтолду. 

"Ал эфирдик убакыттын акысын салык төлөөчүлөр төлөдү. Ошондо, биздин акчаны талапкерлер өз кызыкчылыгына пайдаланышты. Тилекке каршы, БШК мында аракетсиз болуп жатат, ал шайлоо алдындагы үгүт иштерине көзөмөл жүргүзүшү керек эле да. Дебаттар да ал милдетинин бир бөлүгү. БШК көзөмөлдөөчү орган катары биринчи дебаттан кийин талапкерлер шайлоо мыйзамынын нормасын бузуштубу же жокпу жыйынында кароосу керек эле. Бирок бизде мындай көрүнүш ар бир шайлоодо кайталанат. БШК бул маселени көңүл сыртында калтырып жатканынын жыйынтыгын көрүп жатабыз", - деди ал.