Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 221

"Эрдоган саясый карьерасын баштаганда Гүленди пир тутчу. Кийин шайлоого аттанганда Америкада жашаган Гуүенге барып шайлоодо бирге болууга макулдаткан… Стамбулдун мэри болуп турганда, Кыргызстанга келип «Себат» лицейлерин ачканга катышкан.

Шайлоону жеңип алып, премьер болгондон кийин гуленчилерден арылып жалгыз башкарууга өткөн… Гүлен Эрдогандын авторитардык башкаруусун сындап келет. «Бийликке келсең достук жоголот» деген накыл кеп дагы бир жолу тастыкталган…

Гүлендин түзгөн партиясы жок. Гүлен саясат эмес, агартуу иштерин өнүктүргөн адам. "Мусулмандар билимдүү болуш керек, мусулман өлкөлөрү демократиялык система курса өнүгөт" деген саясатты карманат. Гүлендин идеяларын, билим системасын жактырган жана уланткан түрктөр Түркияда жана башка өлкөлөрдө өтө көбөйүп бараткан.

Эрдоган ошондон коркот. Аскер төңкөрүшүнүн шылтоосу менен Гүлендин идеясын колдогон интеллигенцияны камап жок кылып жатат… Анткени, билимге, реформага, демократияга умтулгандар диктатордук башкарууга каршы болушат…

Эрдоган бийликке келиш үчүн 3 нерсеге таянган:

1. Түрктөрдүн Осмон импердик сезимин ойготуу жана ишке ашыруу;

2. Диндик жана улутчулдук сезимди күчтөндүрүү;

3. Жеке бийлик орнотуп дүйнөгө таасирин кеңейтүү…

Импердик чесотка (котур) менен ооруган өлкө башчылары жана алар башкарган мамлекеттер эмне болгонуна жакынкы тарыхта эле далай мисалдар бар.

Азыр Америка Афганистандан кетип жатат, Американын ордун Түркия ээлеп калганга умтулууда… Белин сындырып албаса экен…" - деп жазды экс-депутат Өмүрбек Абдырахманов соцтармактагы баракчасына.