Бул Американын ички иштерге кийлигишүүсүнүн кезектеги далили, америкалык сырткы саясаттын кезектеги курмандыгы.

Акыркы он жылдыкты талдап көрүү эле америкалык дипломатиянын чыныгы жүзүн таанууга жетиштүү болот... (1) бөл дагы бийлик жүргүз, (2) башкарылуучу башаламандыктын теориясын иш жүзүндө жүзөгө ашыруу, (3) согушуп жаткан эки тарапка тең курал-жарак жеткирүү, (4) жаратылыш байлыктарын дээрлик бекер алуу. Буга мисал, акыркы он жыл.... Ирак, Ливия, Сомали, Ливан, Афганистан, Украина. Бул өлкөлөрдүн айрымдары ич ара согушуп жатса, кээ бири жоголууда, аймактарынан айрылышууда, бийлик үчүн тынымсыз күрөшүп жана кайра кайра “улуу” америкалыктардан жардам сурашат.  

Нонсенспи? Жок! Бул жакшы ойлонулган жана катаал гегемон саясаты... Максат? Колдон келишинче узагыраак гегемон бойдон калуу керек! Мында Американы айыптоого болобу? Жок, болбойт... бирок муну эске ала жүрүү керек. Анткени, америкалыктар саясий технологиянын элементардуу ыкмаларын колдонушат, бийликтеги коррупционерлерге, саткын саясатчыларга, калктын сабатсыздыгына,  таянышат, демократиялык өлкөдөгү жашоону кооздоп көрсөтүшөт, өнүккөн өлкөлөрдөгү мыкты мээлерди жана эң бир активдүү жарандарды тартышат. Бул өлкөлөрдүн башчылары саткын экенине ким күнөөлүү? Афганистандын дыйкандары өздөрү апийим өстүрүүгө умтулушаарына ким күнөлүү? Америкалыктар аны болгону пайдаланышат жана ири аймактарды жана миллиарддаган калкты апийим талаасында кул катары атайын кармап турушат. Америкалыктар, Сэм аба өздөрүнүн өлкөсүндөй өнүккөн өлкөлөрдүн көбөйүшүн каалайт деп ишенүү кыйын.

Бүгүнкү Афганистан тууралуу бир нече сөз... тезистик формада...

- Тынчтык ал жакта дагы көпкө болбойт.

- Афганистандын кыйрашы толук реалдуу...

Афгандык тажиктер Тажикстандын чек арасына таянуу менен өздөрүнүн улуттук анклавын түзө алат. Ошондой эле нерсе афгандык өзбектерге да ылайык келет... мындай кырдаалда пуштуны улуту дагы өз автономдуу аймагына умтулат.

Бул сценарий өтө жөнөкөй себептен улам толук мүмкүн, карапайым эл тынбаган согуштан чарчады жана туруктуулуктун кайсы формасына болбосун умтулушат, аймактык автономдуулук аркылуу болсо дагы. Бүгүн Афганистанда борборлоштурулган, бириктирүүчү күчтөр жок.

-Талибан Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстанды басып алат деген чоочулоо бул келесоолор үчүн америкалык жана башка үгүтчүлөрдүн чыгарган жомогу. Ушул соус аркылуу алар аталган эгемен өлкөлөрдүн аймагына өздөрүнүн базасын болбогон доллар ыргытып коюп жайгаштыруу жана жергиликтүү бийликке жакынкы америкалык учактарды күйүүчү май менен камсыз кылдырууну каалашат. Биз, кыргыздар мындан өткөнбүз, башыбызга жана эгинибизге авиакеросиндин куюлганы кандай болоорун билебиз.

Бул кырдаалда Россия эмне кылат?

Аймактык гегемон катары ал өз позициясын бекемдейт...  Талибанды потенциалдуу террорист катары алыскы кадамдарында токтотот. Талибанга сырткы күчкө каршы күрөшүүгө шай жетпейт, алар ички күчтөргө каршы туруу керек болот. Афган өкмөтү колдогон моджахеддер  пакистандык Талибанга каршы тура алчу олуттуу күч. Каршылашуу узакка созулат жана ал эмне менен аяктаарын азырынча айтуу кыйын.

Талибандын Орто Азия өлкөлөрүндө жана Россияда жашыруун ячейкалары болгон деген дооматтар дагы да болсо чыныгы мусулмандардын душмандарынын үгүттүк жоруктары. Анткени, Талибан – бул Афганистандын эгемендүүлүгү үчүн күрөшкө аттанган исламдын жаш жактоочуларынын кыймылы жана биз, азия өлкөлөрүнүн мусулмандары Афганистандын көз карандысыздыгы үчүн жан бергенге даярданган жокпуз, биз өзүбүздүн эгемен өлкөбүз үчүн согушабыз.

Иманкадыр Рысалиев