ЖМКларга, социалдык тармактарга кармалгандардын, камалгандардын биригип, азыркы бийликтен реванш алуусу мүмкүн экендиги жөнүндө божомол-түкшүмөлдөр көбөйүп кетти. Айрымдар мурдагы президент А.Атамбаевдин көптөн бери дабышы чыкпай жаткандыгын да ошого шылташууда. Алар канчалык деңгээлде чындыкка жакындайт? Ушул маселе жөнүндө ой бөлүшкүбүз келет. Эмесе ар фигуранын потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрүнө токтололу.
АША Барбаросстун планын иштеп чыгып, аны ишке ашыруунун жолун издебей эле, ал оор депрессиялык абалда жатат. Анын азыркы абалын кудай эч кимдин башына салбасын.Кыргызстанды өмүр бою башкарууну эңсегендин темир тордун артында калуусу – трагедиялуу көрүнүш. Анын саясый мүмкүнчүлүгү жокко эсе болгон менен каржылык потенциалы чоң, бирок сырттан ал потенциалды адекваттуу башкара алгыдай ишенимдүү адамдары жок.
Ө.Бабановдун мүмкүнчүлүгү чоң болгон менен ал күрөштүн адамы эмес, күнөстүү жердин күкүгү болуп, байыктарын көбөйтүп келген гана инсан. Эгерде сороктой берсе, колундагылардын бардыгынан айрылып, коколой башы гана каларын билип, унчукпай отурат. Ал жеңишке 100 пайыз ищшенмейинче, авантюраларга аралашпайт. Ал ага 100 пайызды убада кыла турган эч ким жок.
А.Жээнбеков чоң уюштуруучу да, саясатчы да эмес, ал агасынын аркасы менен эле бийликтин бир бутагынын башына келип калган жан. Акеси С.Жээнбеков эч качан кутумдарга аралашпайт, ал өзүнүн “куйруктары” үзүлүүсүн, байкалбай калышын гана тилеп, жакасын карманып отурат. Ал да күрөштүн адамы эмес. Ал эми калгандарында саясый да, каржылык да чоң салмак жок. Эгерде кургакчылыкка, электр энергияларына, кымбатчылыкка байланыштуу эле элдин нааразылыгы күчөп, алар ага аралашып кетпесе, өз алдыларынча туу көтөрүп чыга алышпайт.
Sayasat.kg