- Совет доору тарап, капитализмге өтөбүз деп, либералдык көз карашы бар бийликте отурган адамдар 30 жылдын ичинде партиялык система менен парламент аркылуу устукан тараткандай мамлекеттик кызматты менчиктештирип, "келесоо, бирок өзүңдүкү" деген принцип менен жоопкерчилиги жок кадр системага айландырып алышкан.  Конституция алмашканына аз эле убакыт өттүү, бирок мамлекетибизге сиңип калган кадр тандоо системасына либералдык көз караш бат өзгөрбөйт. Жаңылануу, тазалануу керек. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, өзүңүз байкагандай, мурунку мамлекетти менчиктеришип алган системаны бузуп, кызматкерлердин жоопкерчилигин күчөтүп атат, буга далил - президенттин акыркы жарлыктары. Эл көрүп атат, иштей албаган кызматкерлерди президент жумуштан алып атат, буюрса кадр саясатында акырындап тазалануу, жаңыланүү болот. Кызмат жетпей калды деп  таарынгандарга айтат элем, өзүңөрдүн көз карашыңарды өзгөрткүлө, мамлекеттик кызмат бул  жакын, тууган, досторуна бере койгондой бирөөнүн менчиги эмес.  Мамлекеттик кызмат - бул чоң жоопкерчилик, өлкөдөгү жалпы элдин камын көрө турган система. Иштей албаган, саботаж кылган мамлекеттик кызматкерлер кызматтан кетип, жоопко тартылып, бара-бара тазалануу болот, мамлекеттик кызматка өлкөбүздү алдыга сүйрөп кете турга кесипкөй инсандар келет деп ишенем. Алдыда дагы көп кадр алмашуу болот.