Жогорку Кеңештин депутаттары Айнура Осмонова, Гүлшат Асылбаева экөөсү жарандарды жалган маалыматтардан коргоо жөнүндө мыйзам долбоорун киргизишсе, ал эки жылдан бери кабыл алынбай, кабыл алынса Президент кол койбой келатат. Чындыгында ал долбоорду өтө эле жумшартып жибербестен “Жарандарды жалаалардан жана негизсиз айыптап, мазактоолордон коргоо жөнүндө” деп атаса мазмунга шайкеш келмек. Анткени, акыркы убактарда башкаларга негизсиз жалааларды жаап, айыптап, мазактаган маалыматтар социалдык тармактарда эпсиз көбөйүп баратат. Алардын сөз эркиндигине эч кандай тиешеси жок, чындыгында криминалдык эле көрүнүштөрдөн. Илгерки убактарда андай айыптоолор үчүн дуэлге чакырышса, бирөөнү көчөдө мазактап, тийишкен адамга административдик чаралар колдонулуп, ал эркинен ажыратылуусу деле мүмкүн. Социалдык тармактардагы андай жоруктар эмне үчүн тийиштүү чараларсыз калышы керек?
Социалдык тармактардын жалпыга маалымдоо каражаты катары макамы жок. Аларды ЖМКларга теңөөнүн укуктук негизи жок. Алар жарандардын жекече пикирлерин билдирүүлөрү катары гана каралат. Демек, жекече пикир алмашуулар мазактаганга, жалааларга айланып, анын үстүнө ал кеңири аудиторияга таркап кетсе, ал көчөлөрдөгү ж.б. жайлардагы бейбаштыктар катары каралуусу зарыл. Ал эми бейбаштыктардын башкаларга тийгизген терс таасирлерине, зыяндарына жараша УКда тийиштүү беренелери, пункттары бар. Мурдагы Президент ал мыйзам долбооруна сопусунуп, либералчыл катары көрүнгүсү келип, ал мыйзам долбооруна кол койбой койсо, азыркы айрым депутаттардын ага каршы чыкканы биринчиден, саясый, укуктук маданияттарынын төмөндүгүнөн болсо, экинчиден, күздөгү же жаздагы парламенттик шайлоого даярдык көрүүсүнүн эле бир белгиси болуп саналат. Андан башка аң-сезимдүү логика жок. Президент андай саясый кулактардын шыкактарына көңүл бурбастан аталган мыйзам долбоорун тезирээк кабыл алдырууга көмөктөшүүсү керек.
Sayasat.kg