Өгүз Хандын 6 уулу эгемен 6 мамлекеттин (Түркия, Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Азербайжан, Түркмөнстан) башчылары.
Арасынан Туркия дүйнөлүк державага айланып бара жатканы факт.
Түркиянын кубаттуу өлкөгө айланышы бир эле бир тууган элдер эмес, дүйнөдөгү азап чегип, кордук көрүп жатышкан мусулман элдерине үмүт берүүдө.
Себеби, Өгүз Хандын уулдары дүйнөнү 6 кылым (600 жыл) Ислам менен адилеттүүлүктө, калыстыкта, чынчылдыкта башкарып турган. Бул тээ илгери эмес, жакынкы эле тарых. Ислам Арабдардыкы дегендер жалган маалыматка ишенгендер. Дин Ислам аталып толукталган 6-кылымдан бери карай санай турган болсок, эң көп Ислам системасы менен Өгүз Хандын уулдары (Түрк тилдүүлөр) башкарып келишкен.
Т.Эрдогандын дүйнөлүк лидер катары Тажикстанда миссиясы бар деп билебиз. Туркия үчүн мусулман өлкөлөрдүн ынтымакта, биримдикте жашашы маанилүү.
Кыргызстан менен Тажикстандын мамилесинде ТС, ОДКБда мүчө болгонубузга карабай Россиянын мамилесин көрдүк. Алар үчүн бул чөлкөмдөгү калкы мусулман эсептелген өлкөлөрдүн чатакташуусу ыңгайлуу.
Мына ушул шартта калкы мусулман өлкөлөргө Туркиянын ортомчулдугу өтө маанилүү. Бизге ТУРАН биримдиги өтө зарыл.