- Турсунбай агай, Ооганстандан Американын солдаттары чыгып кетет дегенден бери талибдер Орто-Азияга кол салат, Баткен окуясы кайталанат деген кооптуу пикирлер арбын айтылып баштады. Талибдер деген ким?
- Талиб деп медресенин окуучусун айтат. СССР 1989-жылы Ооганстандан чыгып кеткенде биримдиги жок можахеддер бийлик талаша башташат. Аларды сын-пикирге алган талибдер элдин ишенимине бат эле кирип алышат. «Талибан» кыймылы пуштун элинде 1994-жылы жаралган. Ал бат эле Ооганстандын түштүгүн ээлеп алат. 1995-жылы расмий бийликке жихад жарыялап, 1996-жылы Кабулду оңой эле басып алышат.
Ошентип Талибан өзүн Ооганстан өкмөтүнө оппозиция жарыялап, Түндүк Альянс болушат. Аны өлкөнүн расмий президенти Бурхануддин Раббани, тажик кучтордун башчысы Ахмад Шах Масуд жана озбек күчтөрдүн башчысы генерал Абдул-Рашид Дустум жетектеген.
2001-жылы АКШ Усама бен Ладенди сураганда талибдер аны берүүдөн баш тартышат. Америка бомбалап, өзүнүн жана НАТОнун блогунун аскерлерин Ооганстанга киргизип, Талибанды бийликтен четтетет. Мына эми АКШ жана анын аскерий шериктери Ооганстандан кете баштаганда Талибан өлкөнүн көп жерин өзүнө баш ийдирип алды жана Түркмөнстан, Тажикстан менен өзбекстандын чек араларына чыкты. Эми мурдагы советтик өлкөлөрдүн жетекчилери сарсана болуп жатышат.
- Талибандын негизги максаты эмне? Алар чын эле Борбор Азияга кооптуубу?
- Талибандан Борбордук Азиянын өлкөлөрү чочубоосу зарыл. Айтайын дегеним, аларды биздин жерибиз кызыктырбайт. Азыр алардын негизги максаты - Америка коюп кеткен марионеттик (жип менен тартып туруучу куурчактарды ошентип аташат) бийликтен өлкөнү тазалоо, өлкөнүн көз карандысыздыгын бекемдөө, мамлекеттик башкаруу жана экономикалык системаларды жөнгө салуу. Муну талибандын жетекчилери менен 1999-жылы Баткен согушун токтотуу, өзбек можахеддерди Кыргызстандан чыгарып салуу жана алардын туткунунан генерал баш болгон кыргыз жоокерлерди жана жапон жарандарды бошотуу үчүн Кабул шаарында 10 күн сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн адам катары айтып жатамын.
Азыр карасаңыз Ооганстанга бир да жолу барбагандар, Талибандын жетекчисин эмес, жөнөкөй талибдерди тирүү көрбөгөндөр серепчи, саясатчы болуп алышты…
СССР да, АКШ да 10 жылдап согушуп, Ооганстандын элин багындыра алышпады. Эркиндикти, азаттыкты сүйгөн ооган эли өзүнүн өлкөсүн кайра курулуусу менен алектенет. Мен менен сүйлөшкөндө Талибан жетекчилери айткандай Түркмөнстан менен кандай соода жана экономика иштерди жүргүзүшсө, ошондой эле байланыштарды биз менен каалашканын ачык айтышкан.
Бүгүн Оруссиянын да, Американын да, Батыш Европанын да саясий жетекчилери Талибансыз Ооганстанда тынчтыкты орнотууну натыйжасыз деген бекем пикирге келишип, алар менен дайыма ачык жолушууларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатышат.
Кыргызстан да өзүнүн элчилигин Ооганстанда ачкан. Чоң өлкөлөр Талибан менен эсептешүүгө аргасыз болуп жатышканда биз чагымчылыкка алдырбай, Ооганстандын реалдуу күчү, реалдуу бийлиги менен жаңы алакаларды түзүүгө аракеттенишибиз керек.
Мен билгени Борбордук Азияга жана Оруссияга реалдуу коркунучту «Ислам мамлекети» (ИГИЛ) деп өздөрүн атап алган чагымчыл күчтөр жана ислам дини менен адамзатты чочутабыз дегендер атайын ошондой долбоорду ишке ашырып, кооптуу жагдай жаратышууда.
Талибан эч качан башка өлкөлөрдү баш ийдиребиз, дүйнө боюнча бийлигибизди орнотобуз деген максат койбойт. ИГИЛ дүйнө боюнча өзүбүздүн бийлигибизди орнотобуз деп канча кан төгүштү, анын ичинде мусулмандардын өздөрүнүн канын ырайымсыз төгүштү.
Ошол ИГИЛдин согушкерлери миңдеп Ооганстанга келип жатышат. Аларга ким туруштук бере алат? Албетте, 80-100 миң аскери бар Талибан гана! Талибандын жетекчилери бир нече жыл мурда ИГИЛге каршы жихад жарыялашкан. Ошон үчүн орустар да, америкалыктар да талибдер менен жакындап жатышат. Башка реалдуу күч бүгуү Ооганстанда жок.
- Жаңы муфтийдин салттуу динди карманам дегени мактоого татыйбы?
- Мен, мисалы, ата-бабабыз карманып келген ислам дининдемин. Суннитмин, мазхабым Абу-Ханифа. Мени Кыргызстандын салттуу мусулманы деп атаса болобу? Болот. Кыргызстандын мусулмандарынын басымдуу көпчүлүгү даанышман ата-бабаларыбыз кабыл алган ислам динин кармап келгендер. А жаштардын бир аз бөлүгүн көрүп турамын: алар шафийлерче намаз окушат, дуа кылышат. Аларга учурунда шейх Чубак ажы кайрылганы бар: «Кыргызстанда жашагандан кийин өзүбүздүн Абу-Ханифа мазхабына кайткыла» деп. Ал жаштарды түшүнгөнү дайыма аракет жасаймын: шафилер да сунний багыттын төрт мазхабынын бири, душман эмес, а Кыргызстанда туруп шафи мазхабында болуп калган кыргыздарды, өзбектерди, уйгурларды көрүп, себебин алардын устаздарынан көрүп жатамын. Кимден намазды үйрөнсөң - ошондой окуйсуң да...
- Ислам диниде туруп, бири-бири менен ачык жана жашыруун күрөшкөн топторду ким эпке келтириши керек?
- Вахаббит, саляфит жана башка аттарды коюп алып бири- бири менен ачык жана жашыруун күрөшкөндөрдү бир тилге алып келүү Азирети муфтийдин озуйпасы. Мусулмандардын бөлунгөнүнө жол бербеш керек. Бөлүнгөндүн себебин бир эле сырткы күчтөрдөн көрбөй, муфтият өзүнөн да көрүш керек - диний сабатсыздыкты күчтүү аалымдар менен жоюуга милдеттүү. Аргасыз Чубак ажыны эстеп кетемин - бул багытта ыраматылык шейхибиздин иш-аракеттери аябай жемиштуу болчу!
Эми Кыргызстандагы жалпы мусулмандардын муфтийи болуп шайлангандан кийин бардык мусулмандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоого жана кызыкчылыктарын эске алып иштөөгө тийиш.