- Сейдалы агай, Акылбек Жапаров вакцина албагандарга айлык бербөөнү сунуштаптыр. Анын бул сунушун колдоого татыйбы же жокпу?
- Принцибинде Акылбек Жапаровдун сунушу туура эле. Бүт дүйнө өлкөлөрү негизинен жапырт вакцинация же жок дегенде 70 процент калк вакцинация алганда гана ковид токтошу мүмкүн деп жатышат.
Биринчиден, вакциналар жетиштүү, анан альтернативасы менен болушу зарыл. Мисалы, көбү Россия Федерациясынын вакцинасын алгысы келет экен негедир. Ал вакцинаны кээ бир категориядагыларга гана сайып жатышат, мисалы жашы 65тен өйдөлөргө.
Экинчиден, вакцина сайуучу жайлар Кыргыз Республикасынын бардык шаарларында, анан чоң айылдарда болушу зарыл. Элге түшүндүрүү иштери керек.
Ушул чаралардан кийин да укпагандар болсо, сиз айткандай А.Жапаровдун сунушу туура эле, албетте, варианттары менен. Эми бул деле оор чара. Негизи анын айтканын ишке ашыруу үчүн кандайдыр бир мыйзам, же нормативдүү акт кабыл алуу керек болот.
- Президенттин Тажикстанга болгон сапарын ар ким ар кандай кабыл алып жатат. Бири маселе чечүүнүн жолу катары караса, айрымдар “намысы жоктук” деген сөздөргө чейин айтышууда. Бул боюнча кандай пикирдесиз?
- Чынын айтсам бул маселе боюнча азырынча так жообум жок. Тажикстан кол салганда аскерий жооп болбогону - соцтармак билбеген бир иштер бардай.
Ошол эле учурда Тажикстандын аракеттери да эч бир логикага сыйбайт. Өздөрү афган тараптан келер коркунучка кантип жооп берерин билбей турушуп, келечектеги потенциалдуу партнеруна, Кыргызстанга кол салышты. Сыягы, эки өлкө тең геосаясаттын чоң оюнчуларына илинип калышты окшойт.
Соцтармакта ар кандай ойлор айтылууда. Мен маселенин моралдык жагына көп маани бере бербейм. “Кара мышыкпы, боз мышыкпы, чычкан кармаса болду”- дегендей позицияны карманам. Бирок, принцип башкада. Ал жолугушууда Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгы каралып жатабы же жөн эле эки эл көзүнө, эки өлкө президенттери кетирген каталары үчүн эле жарашуу түрүн көрсөтүүгө аракет кылыштыбы деген маселе бар. Негизи эки президенттин бирөөсүнөн ката кеткени үчүн согуш болду. Эгер андай болбогондо согуш болбойт эле.
- “Кумтөр” боюнча туура эле позицияда баратабызбы?
- Азырынча баары аралаш. Билесиз да, КРнын бир райондук соту “Кумтөрдү” экология боюнча канча 1 млрд. суммага айыпка жыккан. Баары ураалашып, “мына биз кыйраттык” деп чыгышты. Кана ал акча? Мен “Кумтөргө” тышкы башкаруу киргизгенге чейинки абалды айтып жатам. “Кумтөр” чындап бизге өтүп, КР бюджетине мурункудан көп акча түшүп, экология маселеси чечилсе, албетте туура болмок. Бирок, азырынча кардиналдуу эч кандай өзгөрүүлөр боло элек. Иштесе “Кумтөр” компаниясы иштеп жатат. Ал компания качан гана КР бюджетине салыктарды, дивиденд берип баштаганда гана бир нерсе айтсак болот.
- Логистикалык борборлор Кыргызстан үчүн маанилүүбү?
- Логистикалык борборлор албетте керек. Бирок, сөз Ат-Башыдагы логистикалык борбор боюнча болсо анда, канчалык керек болбосун – аны КНР курбашы керек. Ал жерде миллиарддаган долларлар жөнүндө сөз болуп жаткан жок. Болгону 400 млн. доллардай сумма. Ушул сумма үчүн эмнеге КНРден карыз алыш керек же алар курушу керек? Кыргызстан деле өз күчү менен өзү кура алат го?
Булак: “Майдан. kg” гезити