- Эрнест мырза, президенттин Тажикстанга иш сапар менен барганын  чиеленишкен маселелерли чечүүнүн аракети катары кабыл алышыбыз керекпи?

- Президент Садыр Жапаров Тажикстанга бир нече чиеленишкен маселелерди чечкени барды. Биринчиси, көп жылдан бери чечилбей, таталдашып кеткен чек ара маселелерин чечүүгө жол издеп жатат. Экинчиси, суу-энергетика маселесин чечеүүнүн аракетин көргөнү жатат. Жайында алардан арзан электроэнергия алсак болот. Үчүнчү эң маанилүү маселе - бул Афганистан маселеси. Ал жактан Американын аскер базасы чыгып кетип жатат. Афганистанда 2001-жылга чейин Талибдердин бийлиги болчу. Алардын идеологиясында бангизат, спирт ичимдик терс көрүнүнүшкө ээ. Ошол убакытта өндүрүрүлгөн апийдин көлөмү аз эле болчу. 2001-жылдан бери Афганистанда өндүрүлгөн апийимдин көлөмү 25 миң тоннага чейин жетти, ал Европага, Россияга биздин Орто Азия региону аркылуу жетет. Жалгыз Тажикистан буга туруштук бере албайт. Буларга Орто Азиядагы 5 мамлекет бирге туруштук берет. Түркмөнстанда да ушул маселе сүйлөшүлдү деп ойлойм. Негизи кыргызда кошуна менен ата-эне Жараткандан дейт. Буга чейин ата бабаларыбыз миң жылдап ынтымакта жашап келишкен кошуна элдер, мамлекеттер менен, биз дагы келечек муундарга ошол ынтымак, достук, бир туугандык мамилени уланта турган шарт түзүп беришибиз  керек. Президент акыл калчап ойлонуп, мына ушул жагдайларды дагы  эске алды деген ойдомун.

- Садыр Жапаров президент болгону мамлекет үчүн маанилүү иштерди жасай алдыбы?

- Садыр Жапаров президенттик такка отурганы ал жасаган маанилүү иштердин биринчиси - бул чирип, ремонтко жарабай калган либералдуу мамлекеттин саясый түзүлүшүн, башкаруу системасын оңдогонго шарт түздү. Жаңы Конституция кабыл алынды. Элдин, мамлекеттин эсебинен байыгандар жоопко тартыла баштады. Консервативдүү идеологияга өтүп,  бир нече шылуундардын, элдин эсебинен байыгандардын кызыкчылыгын коргобой,  жалпы элдин, коомдун, өлкөнүн кызыкчылыгын коргоону колго ала баштады. Бул анын мактоого ала турган жакшы иши десек болот.

- Ар аймактарда логистикалык борборлорду куруунун зарылчылыгы барбы?

- Албетте, зарылчылыгы бар. Логистикалык борборлорду куруу күндүн зарыл маселелериндей эле. Улуу Жибек жолунда логистикалык борборлор болушу зарыл. Аны сөсзсүз куруп, элдин жашоо турмушун жакшырышына шарт түзүшүбүз керек.

- Электр энегиясына болгон баарын жогорулашы мыйзам ченемдүү эле ишпи же аргасыздыкпы? Тарифти жогорулатпай коюнун жолу барбы?

- Энергетиканы башкаргандар болобу, же башка тармактарды башкаргандар болобу, алардын баары көп жылдап системанын ичинде уурулука аралашып калышкан. Мисалы, “Түндүкэлектр”, “Ошэлектр” тармактарын башкарып, коррупциялык иштерди токтотпой, ортомчулардын санын көбөйтүп жаткандар кантип жалпы энергетиканы жөнгө сала алат?! Тагыраагы, системадан чыккан жетекчи эч качан тармакты тартипке алып келе албайт, даана реформа жасай албайт. Коррупцияны жоё албайт. Энергетика тармагына да “Кумтөрдөй” тышкы башкарууну киргизиш керек. Антпесе, булар “тарифти көтөрөбүз, абалдан чыгуунун башка жолу жок” деп элди да, президентти да алдап жатышат. Ошон үчүн биринчи энергосистеманы бириктириш керек. Таратып берчү тармактарды эле эмес, бүт баарын бириктириш керек. Жарым жартылай кадамдар реформага натыйжа бербейт. Тарифти көтөрбөш керек! Жалпы энергетиканы жөнгө салса, туура реформаларды алып барса тарифти көтөрбөсө деле болот. Булар, дагы кээ бир саясый топтор, өткөн жылы бийликке жетпей калып, чыканактарын тиштеп, ызаланып, реванш алабыз деген ойдо. Алар “Садыр Жапаров молодец экен, башка президенттерге окшобой, коркпой тарифти көтөрүп атат”- деген жалган саясат жүргүзүп, чындыгында “күзүндө шайлоодон кийин эл көтөрүлөт, анан максатыбызга жетебиз”- деп турушат. Бирок, мунун баарын президент билет, тарифти көтөрттүрбөйт.  Дүйнөдө экономикалык кризис болууда. Биз дагы, ошону эске алып, өзүбүздүн өндүрүш экономикалык контурубузду түзүп алсак, кризистен бат эле чыгабыз деген ойдомун.

Булак: “Майдан. kg” гезити