- Эсенгул агай, президенттин Тажикстанга барган иш сапарын ар ким ар кандай жооруп жатат. Сиздин пикир?
- Кыргызда терең философиясы камтылган көп макал лакаптар жана дипломатиялык нуктагы да сөздөр көп. Мисалы, “Атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер”- деген сөз бар. Жамандыктын арты менен касташпай, түбөлүгүн ойлоп иш кылуу - бул жогорку деңгээлдеги эстүүлүктү, эрктүүлүктү жана акылдуулукту билгизет.
Өлкөбүздүн президенти Садыр Жапаров Тажикстанга барганы кыргыз эли менен тажик элинин келечектеги мамилени жылуулатат, чечилбеген маселелердин чечилишине жакшы жол ачат. Албетте, жеке жолугуушууда чек ара боюнча курч маселелерди да талкууга алышты. “Сабырдын түбү сары алтын” демекчи президенттин ушул тапта сабырдуулук, токтоолук менен иш алып баруусу эң туура кадам. Себеби, эл аралык коомчулук да баа берип, биз менен өз мамилелерин түзүшөт.
- Президенттин Түркмөнстанга болгон иш сапары да жемиштүү болдубу?
- Ал эми президенттин Түркмөнстанга болгон иш сапары жылуу мамиле түзүүгө багытталды. Эки тараптуу кабыл алынган келишимдин негизинде элибизге пайдалуу багыт ачылат деп ишенем. Ошол эле арзан газ алуу маселеси да чечилет деген үмүттөмүн.
- Баса, кечээ жакында эле шайланган жаңы муфтийдин “салттуу дин менен иш алып барам” дегени колдоого татыйбы?
- Жаңы муфтий Замирбек ажыны көптөн бери жалпы эл катары билем. Эң татыктуу инсан. Мусулманчылык ар бир элдин каада-салтына ылайык жүрүшү керектиги акыркы он жылда өзгөчө айтылып келди. Бирок, улуттук кийим кийүү гана иш чарасы көрүлүп, калган багыты жылган жок. Мисалы ар райондо, жада калса ар айыл аймактарда жергиликтүү имамдар өз саясатын жүргүзүп келишет, өзгөчө маркумдарды акыркы сапарга узатууда. Бул эмнени билгизет? Себеби Кыргызстан мусулмандары арасында бирдиктүү саясат жүргүзүлбөйт. Ошондуктан мусулманчылыктын ар кайсы, биздин каада салтыбызга туура келбеген агымдар кирип, өз саясаттарын жайылтууда. Эң өкүнүчтүүсү, биздин өспүрүмдөр жана жаштар арасында даават демиш болуп өз талаптарын сиңдирүүдө. Бул биздин келечек үчүн эң чоң коркунуч туудурууда. Ошондуктан Замир мүфтийге ишенүү авансын берсе болот деп ойлойм.
Булак: “Майдан. kg” гезити