Мамлекеттик аппараттын түзүмү кайрадан кыскартылганы жатат. Президент С.Жапаровдун бул боюнча Жарлыгы чыкты. Ага ылайык, мамлекеттик аппараттын саны 30 %га чейин кыскартуу каралууда.
“Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын түзүмүн жана башкарууну оптималдаштыруу, кайталанган жана ашыкча функцияларды жоюу, ошондой эле мамлекеттик аппаратты күтүүгө каралган бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнү камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, административдик ведомстволорунун, аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, Кыргыз Республикасынын Президентинин карамагындагы мамлекеттик органдардын штаттык саны 30 пайызга чейин кыскартылсын”,- деп айтылат Жарлыкта.
Бирок бул кыскартуу канчалык ѳз натыйжасын берет? Оптимизациялоонун арты менен мамлекеттик аппараттын ишинин эффективдүүлүгү артабы? Акча үнѳмдѳѳ максаты болсо, мамбюджеттен канча каражат үнѳмдѳлѳт? Кыскартууларга дуушар болуп, жумушсуз калчулардын тагдырлары кандай болот?
Булак: “Майдан. kg” гезити