Түркмөнстан
Түркмөнстан Түрк тилдүү мамлекеттердин бирикмесинен башка Борбордук Азиядагы аймактык эл аралык уюмдарга кирбеген, көп жагынан жабык өлкө. Анын президенти да чет мамлекеттерге көп барбайт, коноктор да көп келбейт. Мындай өлкөгө расмий иш сапар жасоонун өзү позитивдүү кадам болуп саналат. Садыр Жапаровду коштоп жүргөн Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен Түркмөнстандын жетекчилиги Бишкекте соода үйүн, Ысык-Көлгө реакрациялык беш жылдыздуу отель курганга, Кыргызстанга газ, кышкы убактарда электр энегрияларын бергенге макул болгондугун билдирди.
Түркмөнстандан Кытайга курулуп жаткан газ түтүгү Кыргызстандын аймагынан да өтөт. Эгерде Түркмөнстандын жетекчилиги Кыргызстанга ал түтүккө кошулганга, ал эми Кытай өкмөтү түтүктү тартканы үчүн төлөнчү акчанын ордуна газга кошулганга уруксат берсе, биз үчүн абдан жакшы болмок. Биринчиден, түтүккө жакын айыл-кыштактарды газдаштырууга шарт түзүлмөк, экинчиден, биротоло монополист болуп бараткан “Газпром” мындан ары өз тарифтерин чеги менен көтөрмөк. Атаандаш булак пайда болсо “Газпром” тарифтик саясатын этият жүргүзө баштайт. Ал азыр бизге Өзбекстандан арзан сатып алган газынын ар 1 миң куб газын 230 доллардан сатууда. Ошол эле учурда “Газпром” өз газынын ар 1 миң кубун Германияга 150 доллардын тегерегинде экспорттоодо. Эгерде Түркмөнстандын түтүгүнө түз кошулсак, газдын баасы азыркыдан кыйла арзандамак.
Түркмөнстандагы электрэнергиялары газды жагуу аркылуу өндүрүлөт. Өлкө газдын кору боюнча дүйнөдө 3-орунда турат, ага газ маселе эмес, бирок газ аркылуу өндүрүлгөн электр энергияларынын өздүк нарктары ГЭСтердикине салыштырганда 5-6 эсе кымбат түшөт. Ошондуктан Өзбекстан газ аркылуу электр энергияларын өндүрүүнү азайтып, суу электр станцияларын көбөйтүүгө негизги басым жасоодо. Ш. Мирзеёв: “валютаны жагып газ өндүргөндү токтотушубуз керек” деп көп айтат. Биздин бул жерде айтайын дегенибиз, Түркмөнстандын электр энергияларынын ар киловатт-саатын канчадан сатат? Маселе ушунда турат.
Эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү азыр 11 миллион доллардан бир аз гана ашат. Ал жактан негизинен айыл чарба азык-түлүктөрү гана келет. Бизден кийим-кечектер жөнөтүлөт. Бул, албетте, аз. Эки өлкөнүн жетекчилери өз ара товар жүгүртүүнү кескин көбөйтүүнү чечишкени жакшы иш болду, бирок эмнелердин эсебинен? Бул өзүнчө чоң маселе.
Ооганстандагы талибдердин түндүккө карай тездик менен жылып келатышы Түркмөнстанды да тынчсыздандырууда. Ал өлкөнүн аскерлери буга чейин бир нече ирет талибдер менен кагылышкан. Түркманстандын жетекчилиги андай окуялардын кайталануусун каалабайт, ал үчүн аймактагы шериктештерин көбөйткүсү келет. Г.Бердымухамедовдун биздин президентти жылуу кабыл алып, кызматташтыкты өнүктүргүсү келгендигинин бир себеби ушунда турат.
Тажикстан
Тажикстандын жетекчиси Эмомали Рахмон Садыр Жапаровду өзгөчө жылуу кабыл алгандыгы аны аэропорттон өлкөнүн премьер-министри К. Расулзаде өзү тосуп алгандыгы эле көрсөттү. Анткени, протокол боюнча расмий иш сапар менен баргандарды адатта министр, ашып кетсе вице-премьер-министрлердин бири эле тосуп алышат. Рахмон аэропортко премьер-министрин жиберүү аркылуу эки тараптуу сүйлөшүүлөргө өзгөчө маани тургандыгын көрсөттү.
Талибдер Тажикстандын чек арасында турушат. Алар жакында Кабулду алып, анан Ооганстанды толугу менен ээлери айтылууда. АКШнын өкмөтү Ооганстандын аскерлерине жалпысынан 70 миллиард долларлык курал-жарактарды берген менен аларды согушка жөндөмдүү кыла албады. Тилекке каршы, Ооганстандын өкмөттүк аскерлерине берилген курал-жарактардын көбү ар кандай жолдор менен талибдерге өтүп кеткени айтылууда. Же алар курал-жарактарынын сапаты жагынан Россиянын аскерлеринен калышпайт. Андай нечен жылдаган согуштук тажрыйбалары бар күчтүн өз чек арасына келип тиреле баштаганы тажик бийлигинин алапайын кетирүүдө. Анын үстүнө Ооганстанда 8 миллиондон ашык тажик жашайт, талибдердин арасында тажиктер көп. Алардын ойлорунда, планында бирдиктүү Саманиддер мамлекетин түзүү болушу да ыктымал. Мындай шартта ЖККУга кирген өлкөлөр активдүү колдоо, жардам көрсөтүшпөсө, Тажикстандын абалы эң эле оор болгону турат. Талибдер чек арага жакын топтоло беришсе, Тажикстандагы гана эмес, Өзбекстандагы ислам радикалдары баш көтөрүшү ыктымал. Анын бизге да залакасы тийбей койбойт. Эки өлкөнүн жетекчилеринин ортосунда мына ушул маселенин талкууланышы мыйзам ченемдүү көрүнүш.
Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен жолугушуусунда 28-30-апрелде Баткендин айрым аймактарында болгон кандуу окуялардай көрүнүштөрдүн кайталанбоосу керектигин айтты. Ал үчүн чек араларды делимитациялап, демаркациялоо маселелери тезирээк чечилүүсү зарыл. Сүйлөшүүлөрдө ага эки өлкөнүн жетекчилигинде тең саясый каалоо, эрк бар экендиги көрүндү, бирок аны жүзөгө ашыруу көп убакытты, эмгекти талап кылары турган иш. Биздин оюбузча, эки өлкөнүн жер жана чек ара боюнча кызматтарынын жетекчи, адистерин биротоло чек арага отургузуп коймоюнча ал маселеде жылыш болуусу кыйын. Эгерде алар чек араларда маңдай-тескей такай отурушса, чек аралардагы жаңжалдар да болбойт болчу.
Ошентип, мамлекет башчысынын иш сапарларында үмүттөндүрөрлүк натыйжалар, жыйынтыктар болду. Эми аларды ишке ашырууга Өкмөт билек түрө киришүүсү гана керек.
Тынчтыкбек Бешкемпиров, Булак: “Майдан. kg” гезити