- Президенттин Тажикстанга барган иш сапарын чиеленишкен маселени чечуу аракети деп кабыл алсак болобу?              

- Жеке мен президент Жапаровдун бул сапарына каршы пикирдемин. Анткени, кечээ эле бизге кол салган агрессордун алдына баруу - жеңилгенибизди же алсыздыгыбызды моюнга алуу катары кабыл алынышы мүмкүн.  Карт бөрү Рахмон, өзүнүн коррупциялашкан үй-бүлөлүк башкаруусун сактап калуу үчүн, карапайым тажик элинин башын айландырып жатат. Анткени, Рахмондун режими кризиске дуушар болууда. Элдин ишениминен эбак кеткен Рахмон, өз бийлигин күч менен гана кармап турат. Ошондуктан, Рахмондун алдына баруунун ордуна, аны ачык айыптап, эл аралык коомчулукка кайрылуу керек эле деп эсептейм. 

Албетте, Садыр Жапаров деле жыргаганынан барбаса керек. Себеби, бул маселеде чоң мандем бар жана президент Жапаров чоң басымдын алдында гана бул кадамга баргандай сезилип турат. Жеке анын эрки болсо, бармак эмес деп эсептейм. Ошондуктан, сиз айткан чиеленишкен маселелерди чечүүгө аракеттенип, бул жагымсыз иш сапарына барууга мажбур болду. Бирок, реалдуулуктан эбак оолактап калган Рахмон менен кандайдыр маселени оң тарапка чечүү мүмкүн эмес деп эсептейм. Себеби, тажик президенти саясий марионетка. Тилекке каршы, геосаясатта чакан өлкөлөрдүн башчылары ири өлкөлөрдүн басымына дуушар болуп келишет. 

Билесиздер, ал окуяларга чейин, андан кийин деле Орусиянын ири чиновниктери, күч органдарынын башчылары Тажикстанга улам-улам каттап жатышты. Анткени, Орусия бүгүнкү күндө батыш тараптагы таасирин толук жоготуп алды. Дегеним, Прибалтика өлкөлөрү башынан эле (СССР ураганда) Орусиядан ажыраган. Кийинчерээк Грузия, Украина. Акыркы ирет болсо, Арменияда да жеңилүүгө дуушар болду. Ал эми азыркы күндөрдө, Туркия менен Украина жакындашып, Орусия тарабынан аннекцияланган (басып алынган) территорияларды согуш жолу менен болсо да кайтарып алуу пландары айтыла баштады. 

- А мындай абалда эмне кылуу керек? 

- Эч кур дегенде, Орто Азия чөлкөмүндөгү үстөмдүгүн сактап калууга аракеттенип жатышат. Региондогу салыштырмалуу тынчтык Орусиянын гана гегемондук амирине байланыштуу болуп калганы тынчсыздандырат. Борбордук Азия өлкөлөрү ич ара мамилелерди бекемдеп, боордош кошуналар катары, эч качан бири-бирибизге кыянаттык кылбайбыз жана кан төкпөйбүз деген келишимге келиши керек. Антпесе, империалык режимдердин чагымчылдыгына, терроризмге, пандемияларга, ири экономикалык же табигый кырсыктарга туруштук бере алышпайт.