Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 271

- Президенттин Тажикстанга барганын чиеленишкен маселелерли чечүү аракети деп түшүнсөк болобу?

- Азыркы тапта  ажобуз үчүн да, өз милдетин аткаруу өтө эле оор болуп аткан учур. Анткени, дүйнөлүк кризис, пандемия кокодон алып турат. Климаттын өзгөрүшү менен жергебизде болуп аткан кургакчылык да өз терс таасирин тийгизип жатат. Эми Садыр Нургожоевичке чыны менен эле кыйын болду. Маселени чечүү үчүн айла  жок Тажикстанга барууга аргасыз болду... Тажик тарап да экономикалык блокадада турат. Бир гана биз тарап эмес, алар да кыйын учурга кептелип  турушат. Эгер мамлекетибиздин бүтүндүгүн сактап калгыбыз келсе, албетте маселени ырбатпай сүйлөшүү жолу менен чечип алганыбыз оң. Бирок, президенттин бул арактеи оппозициялык маанайдагы  оппонентттерине жакпайт... Эмнеси болсо да азыр бизге тынчтык керек... Андыктан президентти колдошубуз керек..

- Садыр Жапаров президент болгону мамлекет үчүн маанилүү иштер жасалдыбы?

- Эң негизгиси мамлекеттүүлүгүбүздү сактап калды. Экономикалык багытта айта турган болсок, али эрте. Бирок, жакшы долбоорлорду жаратып атат. Узүрүн буюруса жакынкы алты айдан кийин көрө баштайбыз деп ойлойм.