- Президенттин тажикстанга барганын чиеленишкен маселелерди чечүү аракети деп түшүнсөк болобу?
- Президентти Тажикстанга барууга аргасыз кылган жагдайлар бар. Аны түшүнбөгөндөр түрдүү сөздөрдү айтып, ыгы жок сынга алып жатышат. Президент чек ара маселесине чекит коюу үчүн да Тажикстанга барууга аргасыз болду. Анткени, барбай койгондон чек ара чечилбейт. Маселе оор болсо да, жолугуп чечиш керек. Барбаса -келбесе тууган болбойт, алыш -бериш болбосо соода болбойт дегендей жолукпаса, сүйлөшпөсө чек ара чечилбейт. Президент мына ошон үчүн барды. Бул биринчиси.
Экинчиси, Ооганстандан АКШнын базасы кетип жатат. Ал жакта талибан 70-80 % жерин, элин алып койду. Тажиктердин дагы бир топ райондорун алып койду. Ошондуктан эл аралык афган маселесин Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Россия болуп бирге чечиши керек. Антпесе, бүт Орто Азия Афганистанга айланат. Бизде да талибдерди колдогон радикалчылар бар. Алар халифат түзөбүз, шарият менен жашайбыз, эмир болобуз, шейх болобуз деп жүрүшөт. Ушундай эл аралык терроризмди биригип чечпесек болбойт.