- Марс агай, президент Түркмөнстанга, Тажикстанга катары менен расмий иш сапары менен барды. Айрыкча Тажикстанга болгон иш сапары коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратты. Президент эмне үчүн Тажикстанга барууга аргасыз болду?
- Менимче, президентти Тажикстанга иш сапар менен барууга Афганистандан Орто Азияга келе турган коркунучту алдын алуу маселеси аргасыз кылды. Анткени, Афганистандан Американын аскердик базасы чыгып кетээри менен Ислам динин жамынган кыймылдар жанданып, абал курчушу мүмкүн. Ал тургай исламдык кыймылдар тоолуу Бадахшан аркылуубу же Тажикстандын башка жери аркылуу Баткен окуясындай Фергана өрөөнүнө өтүүгө аракет кылышы мүмкүн. Ошондой эле, Тажикстанда граждандык согушту да тутантып жибериши мүмкүн. Садыр Жапаровдун иш сапары мына ушул маселелерди алдын алууга багытталды десек болот.
- Афганистандан келген коркунуч Кыргызстан менен Тажикстан элдешсе эле жок болуп калабы?
- Кошуналар менен ынтымактуу болуп, бир билек, бир күчкө айланышыбыз керек. Антпесек, алар менен күрөшүү жалгыз мамлекеттин колунан келбейт. ЖККУ, ШКУнун кеңеши менен мамилени түздөп, катачылыктарга жол бербейли деген таризде Садыр Жапаров Тажикстанга, Түркмөнстанга барды. Ошон үчүн аны расмий сапарын бир жактуу кароодон алыс болушубуз керек. Анткени, Афганистандан келе турган коркунучту алдын алуу үчүн баары биригүүгө аргасыз. ЖККУ, ШКУбу, баары биригип, чек араларды катуу көзөмөлдөшү керек.