Кинопродюсер, жазуучу жана журналист Өмүрзак Төлөбеков Кыргызстандын учурдагы тышкы саясаты тууралуу дүйнө коомчулугу үчүн даректүү фильм даярдап жатат. Анын алкагында өлкө президенти Садыр Жапаров менен да маектешкен. Ошону окурманга тартуулайбыз...

Өмүрзак Төлөбеков: - Сиздин бийликке келгениңизге аз эле убакыт болгонуна карабай эл арасында бир катар нааразычылыктар пайда болду. Биринчиси, азык-түлүктүн кымбатташы элдин капчыгы жука катмарынын нааразычылыгын жаратты. Экинчиден, коррупцияга каршы катуу күрөш жүргүзүп жатасыздар, анын негизинде камакка алынгандардын тарапташтары нааразы болушууда. Үчүнчүдөн, кызматка жетпей калгандар. Ал турмак сиздерди колдоп келген “мекенчилдердин” арасынан кызматка жетпей калганы үчүн терс бурулгандар болду. “Садыр келсе жашообуз оңолот деп үмүттөндүк эле”, - дегендер да бар. Түшүнүп жатабыз, баары заматта боло койбойт, бирок ушундай нааразычылыктар көбөйүп отуруп төртүнчү революцияга алып келет деген сөз чыга баштады. Дагы бир жаман жери, чет өлкөлүк коомчулук парламенттик шайлоонун жыйынтыгын күтүп жатканы байкалууда, “шайлоо тынч өтсө, революция болуп кетпесе, андан кийин гана акча салалы” дегенчилик кылып. Сиздин бул боюнча оюңуз кандай?

Садыр Жапаров: - Мен бийликке октябрь окуяларынан кийин, өтө оор мезгилде келдим. Пандемиянын кесепетинен чек аралар жабык, авиакаттамдар, ал турмак автоунаалардын каттамдары токтогон, экономикалык кыйынчылык жаралган кез болчу. Андан сырткары саясий кризис орун алды. Кымбатчылык да мына ушул себептерден улам болууда. Мен келип эле кымбатчылык башталган жок, бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндөгү абал ушундай. Элге жүз пайыз жага албайсың, каршылаштар болот, алардын тарапташтары болот. Алар жакшы жасап жаткан ишиңди да тескери нукка буруп жиберишет. Бирок мен колумдан келген күч-аракетимди бардык иштерди туура жакка, туура багытка буруп кеткенге жумшап жатам. Өзүңүздөр көрүп жатасыздар, сырткы саясатта, мисалы, ушул эле кошуна өлкөлөр: Кытай, Өзбекстан, Казакстан менен мамилебиз абдан начар болуп калган. Түркия менен да начарлаган, Россия да капталын салып турган. Мен келген 4-5 ай аралыгында бардык мамлекеттер менен мамилени оңдоп-түзөдүм. Бир гана Тажикстан калды. Аны менен да коңшулук, достук мамилени улантып кетсек болот эле, бирок тилекке каршы, апрелдеги окуядан кийин солгундады. Бирок мен Түркмөнстан, Тажикстанга болчу сапардан кийин алар менен да мамилебиз оңолооруна ишенем. 

Ө.Т.: - Кытай менен Россия “ШКУ өлкөлөрүндө түстүү революция болушуна жол бербейли” деген чечим кабыл алышты эле. Сиздин оюңуз кандай, ички маселеге башка күчтөр кийлигише алабы?

С.Ж.: - Чоң мамлекеттер Кытай менен Россия гана эмес, башка чакан мамлекеттер деле коңшу мамлекеттерде түстүү революция болуп кетишин каалабайт. Себеби, биринен экинчисине өтүп кетет деген коркунуч бар. Бирок ар бир мамлекеттин өзүнүн элинин чечими, каалоо-тилеги болот. Октябрдагы окуя элдин каалоосу менен болду. Парламенттик шайлоо кандай өткөнүнө баарыбыз күбө болдук, административдик ресурс колдонулду, добуштар акчага сатылып алынды. Менин принцибим - мындан ары административдик ресурсту жоюу. Президенттин шайлоонун кандай өткөнүн көрдүңүздөр, мындан ары да парламенттик шайлоодо ошол принципти карманабыз. Бизде 30 жылдан бери үч жолу революция болду, үч революция тең шайлоолордун айынан жаралды. Ал катачылыкты кайталоого жол бербей, мындан ары шайлоолорду таза өткөрөбүз деген ниет бар жана аны ишке ашырууга болгон күч-аракетибизди жумшайбыз. Жакында БШК Бишкек, Ош, Токмок шаардык кеңештерине шайлоону жокко чыгарды. Себеби, шайлоодо мыйзамсыздык орун алды, добуштарды көз көрүнөө эле 2 миң сомдон 5 миң сомго чейин баалап, сатып алгандар болду. Ошондуктан, шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууну мен толугу менен колдодум. Жакында, 11-июлда кайрадан шайлоо өткөнү турат. Анын таза өтүшү үчүн мамлекеттик күчтүн баарын жумшайбыз, ИИМди, УКМКны, прокуратураны тартабыз, жергиликтүү бийликтегилерге да “добуш сатып алуу жана сатуу болбосун, административдик ресурс колдонулбасын” деген тапшырмаларды беребиз. Административдик ресурс кимдер? Мугалимдер, врачтар - аларды шайлоолорго колдонуп келишкен, андан сырткары айыл өкмөт башчылары, акимдер, губернаторлор баш болуп, бийлик башында отурган адамдын партиясына көп добуш алып берүүгө чуркаган учурлар да белгилүү. Мен бул шайлоолордо ошондой көрүнүштөргө такыр тыюу салдым. Элди өз эркине коюу керек. Парламенттик шайлоону да Кудай буйруса, таза өткөрөбүз. Таза шайлоо өткөндөн кийин революция кылууга шылтоо жок болот.

Ө.Т.:  - Сиз президенттик шайлоо алдында эл менен жолугушууларда: “Мага жакындан бери чет өлкөлүк 100дөй инвестор келди, алар Кыргызстанга каражат салабыз деп жатышат. Арасынан отуздайы реалдуу көрүнүп турат”, - деп. Ошолордон келип иш баштагандар болдубу?

С.Ж.:  - Араб өлкөлөрүнөн, Түркия, Россия, Кытай, Казакстандан келген инвесторлор болчу. Айрымдары келип иш баштап жатышат. Азырынча пандемия тоскоол болууда. Жаңы келип жаткандары да бар.

Ө.Т.:  - Маектериңиздин биринде чет өлкөгө болгон карызыбыз 5 миллиард долларга жакындап калганын, бул ИДПнын 58 пайызын түзөөрүн айтып калдыңыз. Эксперттер болсо Кыргызстандын ИДП байлыгы 1990-жылдарда арзан бааланып калганын, эгер азыр эл аралык аудит аркылуу реалдуу баага кайра бааланса, Кыргызстан эли 1 миллиард долларга чейин сырттан каражат ала алаарын айтышууда. Мисалы, Өзбекстан жакынкы 2-3 жылда 125 миллиард доллар алышты, дагы да ошончо каражат алганы турушат, аны менен экономикада катуу өсүштү башташты. Биз дагы ушул жолго түшсөк болобу?

С.Ж.:  - Туура айтасыз, Кыргызстандын мүлктөрү, кен байлыктары 1990-жылдары арзан бааланып калган. Бирок кайра баалатуу боюнча тапшырма берип жатабыз. Пландарда бар. Анткен менен сырттан карыз алалы деген принциптен биз кеткенбиз. Мындан ары сырттан колдон келишинче карыз албоого аракеттенебиз. Гранттар, жардамдар болсо баш тартпайбыз, инвестицияга эшигибиз ар дайым ачык. Анткени, карыз көбөйгөн сайын мамлекет алардын пайызына гана иштеп калууда. Өткөн жылдардан бери жүргүзүлүп келаткан, сүйлөшүлгөн, ратификациядан өткөн долбоорлор бар экен, ошонун эсеби менен карызыбыз 5 миллиард долларга жакындап калды. 

Ө.Т.:  - Кыргызстан бир катар эл аралык уюмдарга мүчө, мисалы ЖККУ, ШКУ. Азыр Туран түрк тилдүү мамлекеттер биримдиги да турат. Сиз кайсы жагына - Кытай, Түркия, Россия же Америка – басым жасайсыз? Акыркы күндөрү Американын авиабазасын кайра келтирүү боюнча да сөз жүрө баштады...

С.Ж.:  - Швейцарияны билесиздер, бир да согуш же революция болгон эмес. Бүт дүйнө жүзү ал мамлекетти коргойт, анткени баарынын байлыгы: алтыны же бизнеси ошол жерде сакталат. Ошондуктан, Швейцарияда согуш болушуна, стабилдүүлүктүн жоголушуна эч ким кызыкдар эмес. Менин принцибим да ушул сыяктуу, дүйнө жүзүндөгү бардык өлкөлөр менен бирдей мамиледе болуу. Эмнеге Россиядан да, Түркия, Европадан инвестор чакырып жатам? Ири масштабдагы долбоорлорун бизден ишке ашырышып, каражаттарын салып, ушул жерде иштей башташса, биз дагы Орто Азиядагы экинчи Швейцарияга айланабыз. Биздеги стабилдүүлүктү бузууга эч ким кызыкдар болбой калат. Мына, сиздин алдыңызда немец чоң бизнесмендери келишти, алар да ири долбоорлорго акча салабыз деп жатышат. Биз аларга жер, суубуз менен үлүшкө киребиз, андан сырткары бир аз каражат салабыз, жыйынтыгында, салыгын алабыз, жумушчу орундарын түзөбүз. А аларга таза кирешеси пайда болот. Менин максатым – Кыргызстанды экинчи Швейцарияга айлантуу. Ошондуктан, бардык мамлекеттер менен бирдей мамиледе болобуз. Ал эми Американын авиабазасы тууралуу айтсам, азырынча андай маселе каралган жок. Бизде орустардын базасы бар, ошол жетиштүү. Дагы бир базаны киргизип алып, анан аларды тирештирип – андайдын кереги жок.

Булак: "Майдан. kg" гезити