- Саламатсызбы, Сабыр байке! Кандайсыз, көрүнбөй кеттиңиз, барсызбы?

- Кудаага шүгүр. Барбыз. Учурдагы эпидемиялык кырдаалга жараша эле, үйдөн көп чыкпай..., отурабыз. Былтыр ушу маалда катуу оорубадыкпы, антитела деле жакшы эле бар экен. Бирок ошентсе деле, бала- бакыра үчүн коркуп. Өзүң оорубасаң деле носитель боло берет экенсиң да.

- Учурдагы саясый кырдаал тууралуу оюңузду билели дедик эле. Акыркы камоолорго байланыштуу элдин маанайы, бийликтин рейтинги кандай өзгөрүп жатат?

- Саясатта таасири чоң саясатчылардын камалышы менен бир топ митингдер болуп, “бошотулсун” деген талаптар коюлду. Бирок бул талаптар жалпы элдик колдоого ээ болгон жок. Себеби, “бул камака алуулардын баары “Кумтөргө” байланыштуу”- деген түшүнүк баарынан жогору болуп атат. Тажикистан менен болгон кагылыш, сырткы душман келиши катары туюлуп, мындайда, байыртадан келе жаткан биригүү жөрөлгөсү жанданып, бийликти сындоо, асылуу экинчи планга жылып, “кесипкөй пиаршиктер” эле чуулдап атат.

“Кыргыздын канын ичкенге барабар болгон, кылым аферасы делген коррупцияны жоюп, “Кумтөрдү” мамлекетке кайтаруу аракеттери жүрүп атканда бийликти тизеге чаппайлы, жазыксыз камалганы болсо да отура турсун, кийин акталып алышаар”- деген маанай эл ичинде үстөмдүк кылып жаткандай.

Ошондой түзүлгөн кырдаалдардан улам бийликтин рейтинги сакталып турат. Садыр Жапаровго болгон ишеним анын билимине, тажырыйбасына же жасаган ишинин жыйынтыгына байланыштуу эмес. Эл үчүн ак дилден “даканса” тураарына ишенип колдоп жаткандай. Ал эми “көрө көрө көсөм болосуң ...”, дегендей, элим деген аракетиң ак дилден болсо, “көч жүрө түзөлөт ...”, тажрыйба менен результат кайда качат?

- Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга, Тажикстанга болгон иш сапарлары тууралуу эмне айта аласыз?

- Садыр Жапаров президенттик кызматка киришкенден бери бир топ  активдүү тышкы саясатты жүргүзүп жатат. Муну колдоого алышыбыз керек. Азыр жамбаштап жатып алчу заман эмес.

Түркмөнстан менен болгон келишимдер, айрыкча газ, нефть боюнча макулдашуулары элди үмүттөндүрүп жатат. Муну ишке ашырыш керек. “Газпромду” монополист кылып көзүн карап отурбай Азербайжан, Казакстан менен да иш жүргүзүү керек.

Тажикстанга болгон ишсапары боюнча мен оюмду ачык эле айттым. Барганын туура көргөн жокмун. “30 жыл чечилбей келген маселе дагы үч жыл чечилбесе койсун, блокада кылып тура туралы, Эмомали эсине келсин”- дедим. Мени ким угат? “Барыш керек, барсын”- дегендер да болду. Билбейм, балким барганы туурадыр? Айтор турмуш көргөзөт да, аркысын...

- Садыр Жапаровдун айлана-чөйрөсүндөгү жакын адамдарына катуу сын-пикирлер айтылууда. Анын командасындагы Улукбек Марипов, Сүйүнбек Касманбетов, Акылбек Жапаров, Камчыбек Ташиевдерге айрыкча көп асылуулар болуп жатат. Ушу маселеге токтоло кетсеңиз. Бул сын пикирлер тууралу кандай ойдосуз?

- Бизде ар дайым ушундай. Бийликтин башындагыга асылбай, көбүнесе анын тегерегиндегилерди сындамай... Акаевдики, Бакиевдики, Атамбаевдики, тигиники, мунуку, жаңылар, тазалар келсин дейбиз. Жаныларды кайдан алабыз? Аралаш жашап, баары, колунан келгени, келбегени жулкушуп, тартышып, улам бири иштеп атышат. Жаңы, таптаза деген жаштарды да көрдүк го (?), күзүндө. “Ата Мекен”, “Реформа” үчүн жаныбызды беребиз деген жаштар кайда? Бирден портфелге сатылып, учкан уясын унутуп кетишти. Анан кимге ишенесиң, кайдан издейсиң? Айдан алып келебизби?

Оруста кеп бар, “старый конь борозды не портит”- деп коёт. Ошон үчүн колдо бар кадрлар менен иштешип атат. Садыр Жапаров менен мурунтан жакшы болуп, өмүр бою колдоп келген көптөгөн адамдар азыр командага кирбей калышты. Ичи күйгөн мурунку соратниктери жана башка саясый опоненттер ошондой команданы дискредитация кылуу тактикасын колдонуп жатышат. Мурунку жакындары өзүлөрүнө орун бошотуу үчүн жасап жатышса, ал эми саясый опоненттердин түпкү максаты президенттин өзүнө ор казуу болуп жатат.

Садыр Жапаровдун убактысы аз, ал ишинин жыйынтыгын көргөзүүсү керек. Ошон үчүн ал өзү туура көргөн, аны менен тил табышып, жеңилин жерден, оорун колдон алган, ушу этапта чече турган иштерди оперативдүү аткара алат деп өзү ишенген адамдар менен иштешип жатат.

Мисалы, Камчыбек Ташиевди жамандап, өзүнчө эле рекетир кылып атышат. А бирок, “элим-жерим деп эңгирей турган андан башка кайсы баатырыбыз бар”- деген элибиз өзү колдогон үчүн турат го Камчы. Улукбек Мариповго ыксыз асылуулар болду. Ал эми өсүп келе жаткан жаш кадр. Туугандарынын таржымакалы бүт айтылды, ал при чем, өзүнүн жаман былыгы, зыяны жокпу (?), болду да. Акылбек Жапаров, анын байлыгы боюнча көп сындар айтылып, “ар дайым суудан кургак чыгат”- деп жаман көрүп атабыз. Ай акылы болгон үчүн кургак чыгып атат да. Бирок анын билими, тажырыйбасы, тапкычтыгы, тапандыгы керек болуп атпайбы. Казына какшып, финансы министри кылып койгон кадрларыбыз баш-учун жыя албай, эсеп-чотун жүргүзө албай, экономика эңшерилгени жатса кантишибиз керек. Же эмне, “мына мен билем, момундай кылам”- деп Акылбек менен теңтайлаша турган бирөө жарымы чыктыбы?

- Жылдыз Жолдошова: “Сүйүнбек Касмамбетов Садыр Жапаровду зек деп, аны Жогорку Кеңешке келип сүйлөөсүнө каршы чыккан” деген дооматтарды айтты. Уксаңыз керек, кандай ойдосуз?

- Жылдыз Жолдошеваны мен жакшы тааныйм, ал кыргыздын ак жүрөк, патриот, мен деген мыкты кызы. Ал жанагы, мен жогоруда айтып өткөн Садыр Жапаровду өмүр бою колдоп келе жаткан, эң жакын адамдары дегендердин бири.

Мен ошондой эле Сүйүнбек Касмамбетовду да 1989-жылда Фрунзе шаарынын Ленин Райисполкомунда иштеген кезинен бери жакшы тааныйм. “Ашар” коомдук уюмун түзүп, а кезде мыйзам жок, минюст жок каттата албай жүргөндө ошол Ленин райисполкомуна каттатканбыз. Ошондо үй жайсыз кыргыз жаштарына жер алып там салууга чоң көмөк көрсөтүп, уюмубузду каттатууга, жерге токтомдорду чыгарууга жардамдашып, кызуу кандуу жаштарды бир багытка салууга, саясый туруктуулукту сактоого чоң салым кошкон.

Ошондон бери мамлекеттик ар кандай кызматтарды аркалап келе жатат. Бирок Сүйүнбек Жылдыз айткандай эч нерсе менен иши жок эле бир канцелярияда үстөл жыртып отурган жан эмес. Ал такшалган аппаратчик, мамлекеттик турмуштун демин сезе билген тажырыйбалуу саясатчыга айланган.

Садыр Жапаровдун комиссиясын жаратпай, аны азапка салган Алмазбек Атамбаев да. Ал кезде “Ата Журт” фракциясынын депутаттары деле, көпчүлүгү ооз учунан сүйлөгөнү болбосо жалпы кыргызстандын Атамбаевге сөзү өтпөй, айласыз абалда эмес беле?

“Садыр деген зек, зекти эмнеге сессияга апкелет экенсиңер”- деген ошо АШАнын сөзү болчу. Же эмне Касмамбетов, Касмамбетовду кой, спикер уруксат берип сесияга алып келе алат беле? Керек болсо Жылдыз өзү деле АШАга катуу каяша айтпай, сураныч иретинде сылык эле кайрылып жүргөн.

А Касмамбетов болсо, болгону ошо АШАнын “Садыр зек” дегенин гана “ошентип атпайбы” таризинде кайталап, ага Жылдыз карындашым “куттуу трибуна” деген сыяктуу боёкторду аралаштырганы  үчүн гана балаага калыш керекпи?  Жылдыз Жолдошева канткен күндө да саясатчы, анын бул кадамы ич күйдүлүк аралашып кеткен саясый кадам. Жылдыз эл жерге ак кызмат өтөй турган такшалган саясатчы. Анын эмгегинин бааланбай өзү четтетилип, баласы бошотулуп, жок жерден ызы-чуу чыгып жатышы туура эмес. Бул керек болсо Садыр Жапаровдун кемчилиги. Президент ойлонуп, соратниги тууралуу туура чечим кабыл алып, Жылдыз Жолдошеванын потенциалын колдонсо өзүнө да жакшы, элге да жакшы!

 

Маектешкен Чынайым Кутманалиева, Булак: “Майдан. kg” гезити