Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 286

- Улук мырза, президенттин тажикстанга болгон иш сапары боюнча неге түрдүү кептер айтылып жатат?


- Президенттин Тажикистанга барганына эч ким каршы эмес, болгону коомчулуктун нааразы болуп жатканы президенттин азыр ушул тапта барганы  болуп жатат. Тажик тараптын кылган жооругунун кесепетинен биздин жараандар жапа чегип, отуздан ашуун жарандарыбыз каза болуп, жүздөгөн жашоочулар үй - мүлкүнөн ажырап, миңдеген чек арада жашагандар эвакуацияланды. Элибиз тажиктерди агрессор деп таанып, ага карата КРнын прокуратурасы иш козгоду. Ушунун баарын көрүп-билип туруп президенттин Душанбеге баратканы туура деп ойлойсузбу? Мисалы, мен да көптөгөн жарандардын президенттин барганы туура эмес деген пикирин колдойм. 

Туура, жолугуп сүйлөшүп чече турган маселе көп. Бирок Рахмон "кел",- десе эле чуркап барбай, кыргыз элин сыйлап,  нейтралдуу жерде жолугалы десе деле болмок. Макул, эми болоор иш болду. Бирок, биз күткөн чек ара маселеси  чечилеби, кеп ошондо. Кыргызга ушунча азап -тозок көрсөтүп, анан кайра кечирим сурагандын ордуна  уялбай, кайра кекетип,  "мага келип кет" деген тараптан маселе адилеттүү чечилишине күмөнүм чоң. Эми жалаң эле жаман жагын ойлой бербей иштин жакшы жагына чечилишине тилектеш болуп туралы. Президент Жапаров канчалык деңгээлде кандай шарттарда маселе чечээрин убакыт көрсөтөт.

- Түркмөнстанга болгон иш сапары жемиштүү болдубу?

- Президент Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга болгон иш сапары боюнча азыр бир нерсе деп айтыш кыйын. Жапаров президент караты Түркмөнстан мамлекетине биринчи жолу барды. Биринчи эле жолугушууда чоң- чоң долбоорлор дароо эле чечилип калбайт. Түркмөнстан  Кыргызстан менен энергетика, газ маселеси боюнча иштешүүгө даяр экенин билдирди. Бирок биз реалдуу ойлонушубуз керек. Энергетика, өзгөчө газ маселесине келгенде, биз бул маселени өз алдынча чече албайбыз, бул баарына эле белгилүү.