- Мамат агай, президент Тажикстанга иш сапар менен бара турган болгону туура саясатпы же чекилик ишпи?
- Президентин Тажикстанга болгон сапары кыргыз коомунда ар түрдүү ой пикирди жаратты. Бул туура эле көрүнүш. Айтылган ой пикирлерди таразага салып, ойлонуп, кайсы жол менен барууну чечүү бир президентин милдети. Элди Максат, Баткен, Лейлек райондорундагы чек ара маселелерин так, тажиктерге уттурбай чечүү, адилетүү чечилиши кызыктырат. Эл ошону күтөт.
- Түркмөнстандан касыл газ, электр энергиясын чечип келет десе, айрымдар газ маселеси актуладуу эмес деп жатышат го?
- Түркмөнстан менен мамилебизди айтсам, мен билгенден Түркмөнстандын газпроводу Кытайга Алай району аркылуу өтөт. Аймактын ижара акысын Кытай жылына чоң сумма менен төлөп турушу керек. Алардан газ алсак жакшы болот эле. Тагыраагы, газдын баасы бир топ арзан болот эле.