- Самсаалы байке, президенттин Тажикстанга барчу иш сапары түрдүү талкууну жаратты. Бири барып маселе чечкенин колдосо, экинчиси алардын алдына барууну намысы жоктук катары көрүшүүдө. Сиз бул боюнча кандай пикирдесиз?
- Сын айтылып келген, мындан ары да айтыла берет. Бул эми нормалдуу көрүнүш. Жеке мен үчүн эки элдин президенти кай жерде жолугат, айырмасы жок. Маселе эки элдин ортосундагы көйгөйлөр чечилишинде. Эң биринчи көйгөй азыр чекара меселесин чечишибиз керек. Ал көйгөй Душанбеде чечилеби же Бишкекте чечилеби айырмасы жок. Эң башкысы чечилиши керек.
- Түркмөнстанга болгон сапарында эмнелер эске алынып, кайсы маселелерди чечип алышыбыз керек?
- Кыргызстан өз кызыкчылыгын коргоодо же көйгөйүн чечүүдө бар мүмкүнчүлүктүн баарын колдонушу керек. Ошол өңүттөн алып караганда неге Түркмөнстан менен алака түзүп, көйгөй чечүү мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарбашыбыз керек. Ал эми канчалык деңгээлде Түркмөн мамлекети менен келишимдер түзүлдү, аны күтө туралы, иш чаранын соңунда угаарбыз.