- Каныбек агай, Президент Тажикстанга болгон визитинен ийгилик менен келеби же алардын шартына көнүүгө аргасыз болобу?
- Президент Жапаров Тажикстанга жумушчу визит менен бара жатат. Ушуну менен эле баары айтылып турат. Чек ара маселеси, албетте, биринчи орунда болот. Демек, анын ийгиликтүү же башкача болушу анча мааниге ээ эмес. Анткени, май айынын башындагы адамдардын өлүмү менен коштолгон чек ара жаңжалы тез эле унутулуп же кайдыгер кароо жолу менен өтүп кетпейт. Менимче, эки лидер көп маселелерди жашыруун караштары абзел. Азыр эки өлкөнүн элин козутуунун эч кандай кереги жок.
Жалпы сөз менен айтканда расмий жолугушууларга кеңири жол ачылат. Ошондуктан, элдин бүйрүн кызытып, жеңеби же жеңилеби деген суроолор дагы коррективдүү эмес. Садыр Нургожоевич кыргыз элинин намысына шек берген макулдашууларга эч качан барбаса керек! Бирок, эки лидердин диалогго барууусу дурус болду. Бир гана өкүнүч бул жолугушуу калыс өлкөлөрдүн аймагында болгону жакшы эле. Бул эми президенттин админстрациясынын эң чоң катачылыгы.
- Түркмөнстанга болгон иш сапарында газ, электр энергия маселесин чечүүгө үлгүрдүбү?
- Кыргызстан газ боюнча Россиянын "Газпрому" менен мамиле кылганына көп болду. Бул суроо Түркмөнстан менен актуалдуу деле эмес. Бирок, көптөгөн макулдашуулар болду го? Мисалы, соода-сатык жана экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыктар боюнча. Акыркы 10 жылдыктарда ойду-тоону дөөрүгөн мурдагы бийликтер бул боордош өлкө менен эч кандай алака деле түзүшкөн эмес. Садыр Жапаров эми ушуга катуу көңүл буруп келүүдө. Бул туура саясат. Эмнеси болсо дагы түрк тектүү туугандар эмеспизби!