Өмүрбек Бабановдун асман тиреген байлыктары бир гана жол менен - басып алуу, тартып алуу аркылуу жетишилгенин билбеген кыргызстандык жок болсо керек. Анан эле сүйлөсө "Мен аппакмын... Мен элдикмин... Мен мамлекетчилмин... Мен адилеттүүмүн..." деп канды кайнатчу болду. Анын артынан эээрчип алган 10-15 адамдарды карап туруп деле таң каласында. Бир аз тыйын берип койсо көчөгө чуркап чыккандан уялсаңар боло. Же силерге эмне ууруларды колдогон сыймыктуу ишпи? Же силер үчүн ошол 1000 сом Кыргызстан аттуу өлкөбүздөн да бийик болуп кеттиби?!

 Бабановдун кайсыл майлуу жерлерди басып алганын эсиңерге салып өтөлү анда. Башкасын айтпаганда да:

- Валерий Хонду сабап, майып кыла койо жаздап, коркутуп, үркүтүп отуруп ОсОО "ВОССТ" ишканасын тартып алганын билесизби?!

- Воробьевду кысымга алып, адатынча эле зөкүрлөрчө РИОМ автонунаа базарын тартып алганы эсиңиздеби?!

- Ш.Садыбакасованы коркутуп, арамдан коркпогон Бабанов АКБ Кыргызстан банкын тартып алганын унуттуңузбу?!

- НТС каналын тартып алганынчы?!

Санай берсе мындай обьектилер жүздөп саналат! Кумтөрчүлөрдөн көргөн пайдасын эсептеп бүтө албайсын го киши!!!

Анан неге Бабанов эркиндикте жүрүшү керек экен?! Неге?! 

Акчасы көп болгону үчүнбү? Артынан акча таратып жүрүп чыгарган кишилердин жасалма сөздөрү үчүнбү?!

Андай болбойт! Ар бир ууру кесек эртели кеч жооп бериши керек! Бабанов да ошол уурулдардын бири! Жооп беришин талап кылабыз!