Мага бир нерсе кызык, Э. Рахмон менен С. Жапаровдун Душанбедеги жолугушуусунда Рахмон чек ара маселесинде Тажикстан тараптын чектен чыкканын, кошуна, дос ѳлкѳлѳргѳ мүнѳздүү эмес душмандардын колунан келчү агрессиялык кадамдарга барганын моюндап, ѳкүнүчүн билдирип, кайсы бир деңгээлде кечирим сурайбы? Чек аралардагы талаш-тартыштуу маселелерди тынчтык, ынтымак, түшүнүүчүлүк маанайда чечүүгѳ ыкласын, ынтызарлыгын, каалоосун билдиреби? Же биздин президенттин барганын алсыздык, коркоктук катары кабылдап, ѳз үйүндѳ экендигин ѳзүнүн артыкчылыгы, мыктылыгы катары эсептеп, агрессордук маанайдагы шарт, талаптарын коюп, сүйлѳшүүлѳрдѳ үстѳмдүккү ээ болгусу келип, Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген позициясын кѳрсѳтѳбү? Айтыш кыйын… Бирок Рахмондон баарын күтсѳ болорун кечээги эле окуялар кѳрсѳткѳн…

Албетте, бул катардагы эле жолугушуу эмес. Тарыхый жолугушуу десек болчудай. Жолугушуунун натыйжасы менен эки ѳлкѳнүн ортосундагы чыңалган абал кескин жумшарып, жакшырат, же белгисиздык абал дагы белгисиз убакыттарга чейин уланышы ыктымал. Башкысы, С. Жапаров ѳлкѳбүздүн, элибиздин кызыкчылыгында сүйлѳшүүлѳрдү жүргүзүп, Кыргызстандын бекем позициясын кѳрсѳтүшү абзел. Керек болсо дипломатиянын, протоколдун тили менен Тажикстандын чектен чыккан кадамдарын «айыпташы» керек.

Бир нерсе белгилүү, С. Жапаров президент болуп шайлангандан кийин алгачкы жолу Э. Рахмон менен жолугушуп жатат. Рахмон ушундан пайдаланып, ѳзүнүн позициясын бекем карманып, С. Жапаровдон «уступкаларга» барууну талап кылары талашсыз. Бирок С. Жапаров эч кандай «уступкаларга» барбай, Рахмондун шарт, талаптары аткарылбай турганын кѳрсѳтүшү зарыл. Эгерде эле ѳлкѳнүн, элдин кызыкчылыгына каршы «уступкалар» болсо, так ошондо Рахмон баштаган расмий Тажикстан С. Жапаровдун баруусун коркоктук, алсыздык катары баалайт. Ал эми кыргыз эли Жапаровду кечирбейт…

Кандай болгон күндѳ да С. Жапаровдун расмий иш сапары натыйжалуу, жемиштүү болуп, Душанбеден жеңиш менен кайтышына тилектешмин!

Мирлан Дүйшөнбаев