Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 725

"Биздин президент Түркмөнстанда жүргөндө, айрым депутаттар Кыргызстанды Түркмөнстанга айлантууну көздөөдө. Бүгүн социалдык саясат боюнча комитетте "Такталбаган жана жалган маалыматтар коргонуу боюнча" мыйзам долбоорун карайт.

Мамлекеттик кызматтардын бири маалымат жалганбы же такталбаганбы аныктайт да, өзүнүн чечиминин негизинде уюлдук байланыш операторлорунан жана провайдерлерден ошол сайтты же соцтармактагы баракчаны жаап салууну талап кылат. Албетте, бардык оозду тыя албайсың, бирок бул мыйзам активдүү, акылдуу, өз позициясы үчүн тура билген жарандарга каршы колдонулушу мүмкүн.

Жарандар эмне кыла алышат:

-Президентке бул мыйзамга кол койбоо суранычын келтирип кайрылуу жазуу;

-Гүлшат Асылбаеванын мыйзам долбооруна каршы митингдерди, онлайн-митингдерди өткөрүү жана соцтармактарда комментарий жазуу;

-соцтармактар аркылуу ар бир депутатка мыйзам долбооруна "каршы" добуш берүүсүн суранып кайрылуу.

Ойгонгула", - деп жазды депутат Дастан Бекешев соцтармактагы баракчасына.