- Бөлүнүү түркөйлүк эмес. Коом бир пикирде боло албайт. Коомду бир пикирге келтирем десең диктаторлор пайда болот.
Ар кимдин өз көз карашы, саясый багыты болот. Ошого жараша адамдар бөлүнүп өзүнүн идеяларын сунушташ керек. Кимисин көпчүлүк колдосо ошолор башкарсын.
Эң негизгиси, тынчтык жолу менен идеялардын жарышы жана таза шайлоону камсыз кылуу. Бул демократиянын негизги принциптеринин бири…
Мен, мисалы, демократиялык идеядагы адамдар менен гана бириге алам…