Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 1156

"Кумтөр" чыры менен айыпталып жаткан саясатчылардын тарапташтары, көңүлү жакын саясатчылар тарыхты, фактыларды бурмалап, өздөрүнүн "шефин" баатыр көрсөткүлөрү келип жатат. Бул жакшы эмес. Тарых, факты эч качан бурмаланбайт, ал кашкайган чындык болуп кала берет. "Фейсбукта" Өмүрбек Бабановдун тарапташтары "Бабановдун Кумтөр боюнча жети эрдиги" деген маалымат чыгарышты. Алар санаган жети эрдигинин арасындагы эң орчундуулары чындыкка дал келбейт. Мисалы:

1) - Бабанов "Кумтөргө" Данияр Үсөнов берген 16300 га жерди мамлекетке кайтарган. Бул жерди Бабанов өз эрки менен эч качан кайтарган эмес. Тескерисинче, Кубанычбек Исабеков бул жер мыйзамсыз берилген, Өкмөттүн Токтому жокко  чыгышы керек деп соттошкондо, Өмүрбек Бабановдун өкмөтү каршы чыккан. Жогорку Кеңеш 2012-жылы 27-июнундагы кабыл алган №2117-V Токтомунун негизинде, 2012-жылы 5-июлда №475 Токтомун кабыл алып, Данияр Үсөновдун 2010-жылы 25-мартындагы №168 Токтомун жокко чыгарган. Бабанов Жогорку Кеңештин Токтомун (Өкмөткө берген тапшырмасын) гана аткарган. Бул Бабановдун эрдиги эмес. 16300 га жерди Бабанов мамлекетке кайтарган деген депутаттар дагы тарыхты, фактыны карап, андан кийин сүйлөсө жакшы болмок.

2) - Бабанов "Кумтөрдөн" муктаждарга арзан пайыз менен насыя бериш үчүн 21 млн доллар өндүргөн. Кантип өндүргөн? Маселе ушунда болуш керек да. Бабанов 2012-жылы өкмөт башчы болуп турган мезгилде "Кумтөрдөн" бизге акча керек деп сүйлөшүүлөргө барып, 2013-жылдын эсебинен деп 21 млн доллар алган. Бул мыйзам бузуу. Кийинки жылдын эсебинен деп бир да мамлекетте салык, дивидент албайт. Жогорку Кеңештин Финансы жана бюджет комитети ошол акча боюнча маселе карап, мыйзамсыз деп таап, акча иштетилбесин деген тыюу салган. Бабанов өндүрдү деген 21 млн доллар бюджетке дагы кирген эмес. Бул иш Бабановдун эрдиги эмес, тескерисинче мыйзамды бузгандыгы. Бабановду коргоп жаткан депутаттар, тарапташтары бул ишти айтаардан мурун фактыларды карап койсоңор. Силер Бабановду коргобой эле уят кылып атасыңар.

 3) - Бабанов "Кумтөрдүн" экологиялык кесепеттерин текшерүү үчүн мамлекеттик комиссия түзгөн. Бул дагы бурмаланган факты. "Кумтөр" боюнча 2013-жылы түзүлгөн мамлекеттик комиссия Жогорку Кеңештин 2012-жылдын 27-июндагы № 2117-V Токтомунун негизинде түзүлгөн. Комиссияны Бабанов өз эрки менен түзгөн эмес. Ошол мамлекеттик комиссиянын отчётунда "Мамлекеттик комиссия Жогорку Кеңештин Токтомуну ылайык түзүлдү" деп жазылып турат. Ушундай чындыкка дал келбеген фактылар менен Өмүрбек Бабановду уят кылбагыла да. Ал киши өзүнүн ак экенин далилдеп алчулардан.

Наралы Асанбаев