"Жапаровдун Душанбеге бараарын көрөгөч саясатчы катары бааласак болот. Кечээ жакында "барбай эле койсун" дегендер чыкты. Душанбеге барбай койсо чек ара маселелери өзүнөн өзү чечилип калбайт. Тажик туугандар менен сүйлөшпөй койсок алыска кетип да калышпайт, алар биздин Аллахдан түшкөн түбөлүк коңшубуз. Алар менен ынтымакта болуу биздин дагы кызыкчылыгыбыз. Ооба, жаман эл жок, арада ар түрдүү амбициялары менен жарандарыбыз бар. Кээ биринин оюна койсоң, рогаткасын көтөрүп алып согушкусу келет экен. Кудайга шүгүр, азыркы өлкө башындагыларга. Эгерде ушул абал кээ бир келесоо, психикалык жактан оорулуу өлкө башчыларынын убагында болгондо, канга боелуп эле жатып калмак экенбиз.
Эгер жолукса чек ара эле маселеси эмес, толук камдуу соода- маданий- достук жөнүндө дагы сүйлөшүүлөр болсо керек. Ооба, ким эле коңшусу менен душман болгусу келсин, тескересинче, мамыр - жумур катташта, бир тууган болгусу келет.
"Душанбеге барбай Алматы, Ташкент же Москвада жолукпайбы" дегендер да болду. Мына, ошол чоң ката болмок, аларга да, бизге да. Алдын ала эле ортомчусуз көйгөйлөр чечилбейт деген таризде, жакындагандын ордуна алыстап алмакпыз
Тынчтык жолун тандаган саясатчылар мына, ушундай жолго барат.
Сүйлөшүүлөр болсун, ийгиликтүү өтсүн", - деди Бек Борбиев.