- Акылбек Жапаров күнүгө эл менен байланышта жүргөн медиктер, мугалимдер, элге кызмат кылып эл менен күнүгө аралашкандар жөнүндө айтып жатса керек, элге жуктурбасын деп. Бирок бизде 6 млн. элге жеткидей вакцина деле жок. Өнүккөн күчтүү, өздөрү вакцина чыгарган өлкөлөр деле элинин 5-10 %ына араң жеткирип жатат. Бизде 6 млн. элден болгону 70-80 миңи эле алды. Элдин баарына вакцина сайганга вакцина да жетишпейт, акча да жок. Ошон үчүн вакцина ал деп аларды кыйнап, мажбурлагандын кажети жок. Биз чет элди, батышты, вакцина чыгарган мамлекеттерди анализдеп, кайсы өлкөдөн чыккан вакцинанын зыяны жок экенин байкап турушубуз керек. Бир жылдан кийин кайсынысы жакшы болсо, ошондон алышыбыз керек.