Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 225

- Калдарбек мырза, президенттин Душанбеге барып, чек ара маселесин, кыргыз-тажик согушундагы жагдайларды  талкуулап, мамлекет пайдалуу чечим кабыл алып келгени маанилүүбү же согуш ачкан тарапка барбашы керек беле? Коомчулукта бул маселе катуу талкууланып, түрдүү талкууну жарата баштады го?

 - Чынында тышкы саясатта биз билбеген чоң табышмактар катылып жатат жанагы мухиттеги аскалардай... Мекенчилмин дегендер көкүрөк кагышып,  муштум түйүшсө, акыл-эси ортозаарлар согуш ачалы деп эле чыгышат. Бирок,  кыргыз-тажик мамилелеринин сууп кетиши  биринчи же акыркы бир  алакалар эмес да. Андайлар толтура болгон жана боло берет. Албетте, кичинекей Кыргызстан менен Тажикстандын тагдырын дөө -шаалар чечип келишти деп айтсак, катуу деле кетпейбиз. Албетте, Сочиде, кийин Анкарада  бул маселе жиликтегенге чейин талкууланган. Рахмон деле көк мээ эмес, күч менен чечем деп, Наполеон болом деп, рейтингин көтөрөм деп, биротоло жок кылып алганынын ал деле түшүнүп турат.

Оң бетиңе урса, сол бетиңди тос дегендей эле болуп жатат. Барбай койсо деле асман жерге түшүп кетмек эмес, барса деле... Кыргыз ажосунун “фашисттик Рахмонго” барышын кайрадан кубатташыбыз керек болуп жатат. Мындайга да эрк керек... Рахмандын  көзүнө тик карап... то ли еще будет деп койушу мүмкүн...

Бир сөз менен, дөө шаалардын ойуну болгон күндө да, ажо Жапаров кара  кылды как  жарымыш этүү менен бир катар маселелерди чечип алат. Тажиктер өздөрүнүн туураларын кайтышпаса кайтышпасын, башкысы, кыргыздар өзүнүн туурунда турушу мына ушул башкы бир маселе.