Өнүгүүгө жол таппай карайлап турганда, ар кимибиз ар тараптан тытмалабай жардам берели. Жардам деген, ар кимибиз өз ишибизди мыктап кылганыбызда. Жардамды кимге беребиз? Төрөбаев, Эгизбаев, Сегизбаевке эмес. Президентке! Эгер ар кимибиз чайын ичип симпатия кылган досубузга, кошуна же айылдашыбызга тарта берсек, дагы 30 жыл кыйналабыз. Жок болуп кетишибиз дагы мүмкүн. Мени жаман көрбөгүлө. Бирок бул учурдун талабы. Биригүү деп ушуну айтат да. Ишеним көрсөттүңбү, көрсөткөн жоксуңбу? Маселе анда эмес. Маселе, Президенттин саясый чечимдеринде жана аны эли канчалык деңгээлде колдоорунда. Эли башка, президенти башканы каалап турганы жакшылыка алып келбейт. Үйдө деле атасын укпаган үй бүлө кандай болоорун жакшы билебиз го. Ата катары көрбөсөң кой, мамлекет башчысы катары көрүп кой!
Ооба, мүчүлүштүктөр болот, ансыз кайдан? Бирок баарын жалгыз президент кыла албайт. Мамлекет элдин ниетине, каалоосуна жараша өнүгөт. Эл дагы, ой жүгүртүүбүздү, тандообуз менен каалообузду өзгөртөлү. Ээрчимеликти токтотолу уят...