Сындаш оңой, чек ара маселесин “чемичкедей”чагып, ФБда “баатыр” болуп, Президентке акыл үйрөткөнү мындан көп....
Биз чек арада жашаган элбиз, бала кезден бери эле тажик кошуналар менен канатташ жашадык. Мындай согуш бир да жолу болгон эмес, Лейлектин Арка айылы менен Ходженттин ( Ленинабад) Кистакозунүн тажиктери соода- сатык, достук мамиле менен эле жашап келдик, мен билген 50 жылдан бери...

Бүгүн Президенттин Тажикстанга боло турчу иш сапарын сындап, “нейтралдуу” зонада жолук" дегени да бар, "жолукпа, ары жок!"  дегени да бар...  Каерде жолукканы азыр маанилүү эмес, куру намысты бери койгулачы, туугандар!  ФБда жеке пиарыңар тыйынга татыбайт, баатыр болбогулачы!...  Эл кыйналды, чарчады, чек ара качан чечилет деп  ай караган текедей күтүп келди..  Чек арада жашап көрсөңөр, анан билесиңер! Бизге, элге чек ара чечилсе болду, кан төгүлбөй, баасыз жерибиз бүтүн, элибиз түгөл болгону маанилүү!

Президентке дух берип, артында калдайган калкы колдоп берели, чек ара маселесин чечсин! Баткен - баарыбыздын, кыргыздын тарыхый жери! Тарыхый жерибизге душмандын бутун бастырбайлы, ок аттырбайлы десек, “розовый очкилерди” чечип, маселени маалкатпай, чечтирели!