Президентибиз Садыр Жапаров Тажикстанга иш сапары менен барат деген маалымат чыккандан бери, ар-бир мекендештер өз оюн жазып, айрымдары эмоцияга алдырып, каршы пикирин билдирип жатышат. Албетте, ким болбосун өз оюн ачык айтканга укугу бар, ошол эле кезде элдин, мамлекеттин келечегин да эсибизден чыгарбасак. Садыр Жапаров Тажик президенти Эмомали Рахмонго жагыш үчүн эмес, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн, бир топ жылдар бою чечилбей келе жаткан чек ара маселеси боюнча бара жатат .
Ооба, жакында эле эки мамлекеттин ортосунда чыр чыгып, кан төгүлүп, бир нече бейкүнөө жарандарыбыз шейит кетти. Эми президентибизге чек ара маеслесин биротоло чечеиңиз деп талап коёлу.
Элдин коопсуздугун биринчи орунга коюп, кадам таштап жаткан президентти тепкилебей, колдоп турсак, буйруса баары оң жагына чечилет.
Буга чейинки президенттерге деле дал ушундай оорчундуу талаптар коюлуп келген, бирок бирине да көңүл буруп аракет кылышкан эмес. Себеби, элдин тепкисинде калгысы келбей, эптеп эле президенттик убактысын өткөрүп, экс-президент болууну көздөшчү. Эсиңиздерде болсо керек, мындан бир нече жыл мурун, Өзбекстан менен чек арабызды чечиңиз деп Улукбек Кочкоров ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге кирип, «Ислам Каримов өлмөйүн чек ара маселеси чечилбейт» деген жооп алган.
Азыркы президент Садыр Жапаров деле Эмомали Рахмонду көрөйүн деп турбаса керек. Бирок, өткөндү кайталабай, элге кызмат кылып калайын деп, жан үрөп иштеп жаткансыйт.
Айрым төшүн каккылап, сындап жаткан мекендештер, силер бул кадамыңар менен дагы бир уруш чыгып кетүүсүнө шарт түзүп, душмандын чырагына май тамызып жатасыңар. Терең ойлонуп, мамлекеттин орчундуу маселесин чечүүгө бел байлаган президентибизди бир билек бир муштум болуп колдоп туралы.
Исмат Бекжанов, активист